2023-жылдын 30-ноябрында Ош Технологиялык Университетинде т.и.д., профессор А.С.Джаманбаевдин жаркын элесине арналган эстелик тактайы илинип, анын ачылыш аземи болду. Бул иш чара А.С.Джаманбаевдин 90 жылдык маарекесине арналган “Жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары ” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышына байланыштуу болуп өттү.
Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Ош технологиялык университети жана Кыргыз Көмүр мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулду.
Конференциянын ачылышын Ош технологиялык Университетинин ректору Турсунбаев Ташболот Жанышович ачты.
Конференциянын модератору катары иш чараны т.и.д.профессор, КР УИА мүчө корр. Абдыкадыр Омарович Абидов алып барды.
Конференциянын жүрүшүндө А.С.Джаманбаевдин өмүр баяны, жасаган илимий иштери боюнча кыска видео көрсөтүлдү.
Конференция катышуучуларын КР УИА Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Осмонакун Ибраимов куттуктап, конференциянын жүрүшүндө ийгиликтерди каалап, А.С.Джаманбаевди эскерди. Академиктер К.М.Жумалиев, М.Т. Мамасаидов, т.и.д. М.Орозбековдор чыгып сүйлөштү. Чыгаан окумуштууну эскеришти.
Пленардык баяндамалар угулду. Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун өкүлү, т.и.д. , профессор Касимахунова А.М.”Алтернативдүү энергияны алуучу өзгөртмөлөрдүү өнүктүрүү жана түзүүнүн келечеги” деген темадагы баяндамасын сунуштады.
А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институнун лаборатория башчысы.х.и.к. доцент Жапарова Ш. ” Республикадагы көмүр кендеринин абалы, көмүр жана андан алынган продукциялардын келечеги” деген баяндамасын конференция катышуучуларына сунушталды.
Т.и.д., профессор Исманов М.М. ” Таштан буюмдарды алуу үчүн энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү машина жана технологиялар” деген баяндамасын катышуучуларга сунуштады.
2023-жылдын 28-февраль күнү Жаратылыш байлыктары институтунда “ИЛИМ, ИННОВАЦИЯ ЖАНА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК: -мезгил чакырыктары” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Семинарга ОшТУда жана Жаратылыш байлыктары институтунда эмгектенген 40ка жакын жаш изилдөөчүлөр, окутуучулар, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Семинардын башталышында учурдагы илим изилдөөгө, долборлоого жана инновациялык багыттагы ишмердүүлүккө коюлуп жаткан талаптар тууралуу маалымат берилди (баяндамачы Н.А., Калдыбаев, т.и.к., Технопарктын директору).
Жаштарды ойлоп табуучулукка кызыктыруу максатында интеллектуалдык менчик (ИМ) коомго кандай пайда алып келээри, ИМ объектилерине автордук укук алуунун жол жобосу түшүндүрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө 85 жаштагы рационализатор жана инноватор К.Алымкулов өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, өзүнүн инновациялык долбоору менен тааныштырып, жаштарды аткарып жаткан жумушуна чыгармачылык мамиле жасоого чакырып, жаңычылдыкка үндөдү.
Ушул жылдын 9-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустагы Кара-Суу районунун агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси Кубанычбек Мамедов, Савай-айыл аймагынын “Таширов” үрөн айыл чарба кооперативинин башчысы Зарипбек Жоошбеков жана жеке ишкерлер менен биргеликте Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Облус башчысы Зиядин Исламович институттун «Көмүр байлыктарын отун эмес катары пайдалануу», «Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетип чыгуу», «Көмүрдүн газификациясы», «Келечектүү технологиялар жана материалдар» лабораториялары, андагы жасалып жаткан илимий-изилдөө иштери жана алардын жыйынтыктары менен таанышты. Аны менен катар инститтутагы окумуштуулар, кызматкерлер менен жолугушуп, бир топ колдоого алаарлык долбоорлор бар экенин айтты.
Атап айтсак; лаборатория кызматкерлери тарабынан көмүрдү казып алууда пайда болгон күкүмдөрүн эффективдүү пайдалануу, кайрадан иштетүү, брикеттөө иштери;
Кыргызстандын күрөң көмүрлөрүнүн сапатсыз майда кычкылданган бөлүгүнөн гуминдик органикалык жер семирткичтин өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берген гуминдештирилген жер семирткичтерди реализациялоо иштери; Сууну хлорсуз тазалоо.
ОшТУнун Технопаркы менен биргелешип, газобетон, лего-кирпич, таштаман жана башка инновациялык архитектуралык-курулуш буюмдарынын технологиясын колдоо жана облусттун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү долбоорлорду колдоо иштери облус башчысын кызыктырбай койгон жок. “Бул илимпоздор тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана ачылыштар облустун айыл чарба жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө салым кошот”- деп билдирди.
Облус башчысы менен болгон жолугушууда Институттун директору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор, Абидов Абдыкадыр Оморович жана окумуштуулар тарабынан илимий лабораториялардагы илимий-техникалык жетишкендиктердин негизинде облусттун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну сунушташты:
Ош облусунун аймагында жайгашкан көмүр карьерлеринде пайда болгон көмүр күкүмдөрүн эффективдүү пайдалануу, алардан кесектелген отундарды алуу боюнча технологияларын иштеп чыгуу.
Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан “Жазы” АКнун базасындагы көмүр брикеттөө ишканасы менен биргеликте термобрикеттерди алуунун технологиясын иштеп чыгуу.
Көмүр күкүмдөрүн кесектөө үчүн арзан, бириктиргич заттарды сунуштоо, алардын технологиялык параметрлерин иштеп чыгуу.
Кыргызстандын күрөң көмүрлөрүнүн сапатсыз майда кычкылданган бөлүгүнөн гуминдик органикалык жер семирткичтин өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берген курамын дыйкандарга тааныштыруу, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.
Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан карьердеги таш калдыктарынан курулуш буюмдарын өндүрүүчү завод курууга франшизе (технологиялык документация) даярдоо.
Куршаб-Туз-Бел авто жолунун айрым участокторунда «негабарит» таш блокторунан көчкүгө жана селге туруштук берүүчү автожол куруунун технологиясын иштеп чыгуу жана өндүрүштүк сыноодон өткөрүү.
Араван районунда таш кесүүчү өндүрүштүн масштабын кеңейтүү жана керектөөчүлөргө жаңы продукцияларды сунуштоо боюнча илимий негиздеме.
Асоль-К жылуулук ташыгычы кыш мезгилинде күн энергиясы менен жылуулук камсыздоочу системаларда, жылуулук насосторунда, жеке үйлөрдүн, мектептердин, коттеджердин ж.б. жылытуучу системаларында колдонуу;
Экофрост суук ташыгычын тамак-аш өнөр жайларындагы муздатуучу системаларга: сүт азыктарын, пиво жасоочу ж.б. заводтордогу муздатуучу системаларга, логистикалык борборлордогу мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды салкындатуу же жылытууга, ошондой эле хоккей же фигуралык муз тебүүчү спорттук жайлар үчүн жасалма муз жасоочу системаларга сунуштоо.
Пиролиздик жарым коксту кирпич, цемент заводторундагы өндүрүшкө, бала бакчалардын, мектептердин жылытуу системаларында колдонуу;
Көмүрдүн майдасын жана көмүрдүн чаңын түз айлануу ыкмасы менен күйгүзүүнү Майлуу-Суу шаарынын Жылуулук менен камсыздоо башкармалыгына сунуштоо;
Ичилүүчү сууну тазалоо жана залалсыздандыруу үчүн реагенттик эмес электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкмасын колдонууну;
Имараттарды, корпустарды, мектептерди жылытуу үчүн кавитациялык жылуулук генераторун же электрофизикалык ионизация жылуулук генераторлорун ишке киргизүүнү;
Электроэмульсиялык отундарды алууну жана аларды отканаларда (котельныйларда) колдонууну колго алуу;- сунуштары айтылды.
Жолугушуунун соңунда облустун башчысы: “Биздин илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алабыз. Сиздер ачылыш кылган көмүр брикет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунуштайбыз. Келечекте зыянсыз органикалык жер семирткичтерге өтүшүбүз керек. Андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлорсуз, сиздер ойлоп тапкан электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкманы колдонолу. Биз сиздердин илимий иштериңиздерге, сунуштарыңыздарга ар дайым колдоо көрсөтөбүз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Зиядин Жамалдинов. Мындан сырткары, А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту менен мындан ары да тыгыз кызматташуу, жолугушуулар болоорун сүйлөшүштү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору, т.и.к. Абдалиев У.К. баш болгон жалпы жамаат, бүгүн, 18-сентябрь «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнү» карата республикабыздын бардык аймактарында шаарларды, эс алуу жай-парктарды, суу жээктерин, жалпы эле калктуу конуштарды ыкыр-чикир, таштандылардан тазалоо, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо максатында өткөрүлүп жаткан экологиялык акцияга четте калбай катышууда.
Кызматкерлер учурда көйгөй жараткан коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык бардык талап, эрежелер жана ченемдерди сактоо менен бирге Ош шаарынын Сулайман-Тоо кичи районунда жайланышкан институттун жана Учар айылында жайланышкан илимий өндүрүштүк базанын сырткы жана ички территориясын ар кандай таштандылардан тазалап, санитардык абалын жакшыртуу, ирээтке келтирүү жана башка иштерди алып барууда.
Мындан сырткары институттун короосундагы аянтты ак таш менен төшөп оңдоп-түзөө иштери кызматкерлердин өз кучу менен жасалууда.
Кереметтүү Кыргызстандын, ар бир шаардын тазалыгы, анын бүтүндүгү, келечеги үчүн бул менин айылым, менин шаарым, менин мекеним деп жүрөгү соккон ар бир атуул чын дили, патриоттук сезими, жоопкерчилиги менен аз да болсо өз салымын кошсо, көрктүү кооз мекенибиз мындан да адамдын көз жоосун ала тургандай кереметтүү кооз, таза, социалдык инфраструктурасы жакшырган болуп ар бир инсандын, шаарга келген мыймандардын көңүлүн көтөрүп, калаабызга дагы да өзгөчө көрк кошоору анык.
Мына ошондуктан, калаабыздын мындан да кооз, таза болуп өнүгүүсү үчүн таштанды таштабай, кооздугун сактай билели, баркын билели.
Мекенибиздин тазалыгы, анын жаңы баскычта өнүүгүсү үчүн чын дилинен кызмат кылып, аба ырайынын эч кандай шартына карабай күнү-түнү иштеп жаткан бардык мекемелердин жамаатынын эмгегин баалайлы. Ар бир байлыгыбызды көздүн карегиндей сактап, жоопкерчилик менен аяр мамиле жасап бүгүн эле эмес ар дайым өз салымыбызды кошолу!