Академик Бектемир Мурзаибраимович Мурзуибраимовго Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Иса Ахунбаев атындагы сыйлыгы ыйгарылды.
Бул сыйлык чыгаан окмуштуулардын жалпы илим системасына кошкон эмгегин даназалоо жана ынтымак, биримдикке кошкон салымы учун эки жылда бир жолу ыйгарылат.
Урматтуу Бектемир Мурзубраимович ! Сизге сыйлык болсо, биздин Туштук бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтуна да сыймык! Илим сапарыныз байсалдуу болсун!
А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун жалпы жамааты.
2023-жылдын 28-февраль күнү Жаратылыш байлыктары институтунда “ИЛИМ, ИННОВАЦИЯ ЖАНА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК: -мезгил чакырыктары” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Семинарга ОшТУда жана Жаратылыш байлыктары институтунда эмгектенген 40ка жакын жаш изилдөөчүлөр, окутуучулар, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Семинардын башталышында учурдагы илим изилдөөгө, долборлоого жана инновациялык багыттагы ишмердүүлүккө коюлуп жаткан талаптар тууралуу маалымат берилди (баяндамачы Н.А., Калдыбаев, т.и.к., Технопарктын директору).
Жаштарды ойлоп табуучулукка кызыктыруу максатында интеллектуалдык менчик (ИМ) коомго кандай пайда алып келээри, ИМ объектилерине автордук укук алуунун жол жобосу түшүндүрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө 85 жаштагы рационализатор жана инноватор К.Алымкулов өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, өзүнүн инновациялык долбоору менен тааныштырып, жаштарды аткарып жаткан жумушуна чыгармачылык мамиле жасоого чакырып, жаңычылдыкка үндөдү.