“Көмүрдүн газификациясы” лабораториясы

  1. Түзүлүү тарыхы

 

          Көмүрдүн газификациясы» лабораториясын техника илимдеринин доктору, проф. А.С. Джаманбаев негиздеп, анын илимий иштерин академик Ж.Текенов, андан кийин х.и.к. Ш.Джапарова улантып келишкен. Учурда аталган лабораторияны т.и.к.  у.к., Шайдуллаев Р.Б. жетектеп келүүдө.

Лабораториянын негизги илимий багыттары

  • Лабораторияда республиканын көмүрлөрүн газдаштыруу жолу менен энергияны жана пиролиздик газдарды алуунун технологиясын иштеп чыгуу тематикасы боюнча илимий-изилдөө иштерин алып баруу.
  • Алай жана Өзгөн көмүр кендеринин көмүрлөрүнөн пиролиз жолу менен жарым коксту жана пиролиздик газды алуу.

Илимий-техникалык продукциялардын ишке ашуусу

            Лабораториянын илимий иштерин өндүрүшкө киргизүү максатында азыркы учурда пиролиздик түзүлүштү жаңыртып, анын жардамы менен Торгой-дөбө, Кожо-келен, Сары-моңол, Кумбел жана башка Түштүк аймактын көмүрлөрү изилденүүдө. Лабораториялык эксперименталдык иштердин натыйжасы Кыргыз Республикасынын жылуулук-энергетика тармагына,  айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана айрыкча күрөң көмүрлөрдүн жылуулук сыйымдуулугун жогорулатууга багытталган.

  1. Лабораториянын курамы

Т.и.к. Шайдуллаев Расулбек Бегимкулович 1963 – жылы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Бүргөндү айлында төрөлгөн. 1986 – жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктаган, «Курулуш, жол машиналары жана жабдыктары» адистигине ээ болгон, квалификациясы боюнча инженер-механик. Кандидаттык диссертациясын 2013–жылы ийгиликтүү жактаган. Анын 50 дөн ашуун илимий жана электрондук ресурс катары эмгектери жарыкка чыккан, анын ичинде 3 автордук күбөлүк, 4 патент, 3 окуу-усулдук колдонмолору бар.

Илимий кызматкер Омуров Жетимиш Кочумович 1958-жылдын 10-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында төрөлгөн. 1982-жылы Жалал-Абад медициналык училищени, ал эми 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Ош кечки факультетинин «Өндүрүштүк жана граждандык курулуш» адистигин аяктаган. Аталган лабораторияда 2017-жылдан бери эмгектенет.

 

 

Техника илимдеринин кандидаты, лабораториянын улук илимий кызматкери , доцент Садыков Эркинбай 1956-жылдын 23-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында төрөлгөн.Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин 1976-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, физика мугалими адистигине ээ болгон. Садыков Э. аспирантураны Москва шаарындагы «Электрондук техникалар институтунда» аяктаган жана кандидаттык диссертациясын Москва шаарында ийгиликтүү коргогон. Анын илимий журналдарда жарыяланган 90 дон ашуун илимий жана электрондук ресурс катары эмгектери жарыкка чыккан, анын ичинде 3 автордук күбөлүк, 6 окуу-усулдук колдонмолору бар.

Илимий кызматкер Анарбай к Сажида  1976-жылдын    11-февралында  Ош облусунун Ноокат районунун Кенеш айылында төрөлгөн. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин  Табият таануу жана география  факультетин аяктаган. 2018-жылы ОшТУнун “Маалымат технологиялар жана байланыш системалары “ бакалавар адистиги боюнча  аяктаган. Аталган лабораторияда 2023-жылдан бери эмгектенет. УИА ТБ ЖБИнин аспиранты. 3-илимий эмгектери жарыкка чыккан. Жаш аспирант учурда “Пайдалуу кен байлыктарды казып алууда колдонулган жогорку технологиялардын таасирин экономикалык-экологиялык баалоо” деген  темада кандидаттык диссертациянын үстүндө иштөөдө.

  1. Илимий жетишкендиктерди жыйынтыгы

Кыргызстанда аз сорттуу көмүрдү изилдөө процессинде төмөнку сорттуу көмурдүн негизги касиеттерин жогорулатуу актуалдуу маселе болуп саналат жана биздин запастарыбыз 6,1 миллиард тоннадан ашат. Бул максаттар үчүн КР УИАнын Түштүк филиалынын Жаратылыш ресурстары институту тарабынан «Көмүрдү газдаштыруу» лабораториясында пиролиздик цехтин долбоорлорунун бир нече түрү иштелип чыккан.

        “Көмүрдүн газификациясы” лабораториясынын негизги илимий багыты болуп “Пиролизди жана газдаштырууну колдонуу менен Кыргыз республикасынын таш жана күрөң көмүрлөрүн иштетүүнүн оптималдуу технологиясын иштеп чыгуу” эсептелинет. Бул багытта лаборатория кызматкерлери экологиялык жактан таза жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, бирок мындай шартта жаратылыш газын пайдалануу жакшы натыйжаларды бермек, бирок өлкөнүн бюджетине энергиянын бул түрү кымбат баалуу ырахат. Демек, актуалдуу маселе алардын болгон жаратылыш байлыктарын — кемурду пайдаланууда турат. Бирок, көмүрдү масштабдуу пайдалануу айлана-чөйрөнүн булганышына алып келет, ошондуктан биз бул көйгөйдү чечүү үчүн инновациялык ыкманы сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө өлкөнүн түштүк аймагындагы көмүрдүн негизги касиеттерин жакшыртуучу төмөнкү сорттогу күрөң көмүрдүн калориялуулугун модернизациялоо жолу менен жогорулатуу маселеси келип чыгууда. Көмүрдү кайра иштетүү процесси атайын жабдууларды талап кылат, алардын бири пиролиздик заводдор болуп эсептелет, алардын жардамы менен төмөнкү сорттогу көмүрдүн негизги касиеттерин жогорулатууга жетишүүгө жана сапаты жакшыртылган көмүрдү алууга болот. Кыргызстандын төмөнкү сорттогу көмүрүн кайра иштетүү процессинде таптакыр жаңы продукция – жарым кокс жана техникалык газ алынат. Мындай новатордук ыкма менен алынган продукцияны республиканын жылуулук-энергетика тармагында колдонуу максатка ылайыктуу.

Жогорудагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүлүүдө лабораториянын кызматкерлери башчысы техника илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер Шайдуллаев Р.Б., илимий кызматкер, Омуров Ж., илимий кызматкер Анарбай к Сажида  белгилүү илимий иштерди аткарды.

  1. Лабораториянын ишмердуулугу

        Лабораториянын кызматкерлери пиролиздик установкалардын жаңы конструкцияларын иштеп чыгышты жана өркүндөтүп, төмөнкү натыйжаларды алышты:

      – Түштүк регионунун (Өзгөн жана Алай көмүр кендери) төмөнкү сорттогу көмүрлөрүн термохимиялык иштетүүнүн технологияларына жана жабдууларына талдоо жүргүзүлдү;

– даяр продукцияны – жарым коксту түшүрүү үчүн эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн пиролиз түзүлүшүнүн даяр продукцияны түшүрүүчү механизминин долбоору иштелип чыкты жана өркүндөтүлдү, бул конструкциянын жардамы менен жарым коксту  алууда  эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот;

– көмүрдүн бир тектүү массасын майдалоодо жана майдалап берүү үчүн гидродинамикалык кавитациялык агрегаттын долбоору иштелип чыкты, бул изилдөөлөрдүн акыркы натыйжаларын алууга өбөлгө түзөт (бул ыкманы дүйнөлүк практикада көптөгөн изилдөөчүлөр колдонот акыркы жыйынтыктарга жетүү үчүн);

– гидродинамикалык кавитациялык түзүлүштүн конструкциясы айыл чарбасында, дан өсүмдүктөрүнүн ар кандай сортторун (буудай, жүгөрү ж.б.) майдалоо үчүн колдонулушу мүмкүн;

– Түштүк регионунун төмөнкү сорттогу көмүрүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлдү;

– термохимиялык ыкма менен көмүрдүн майдаларын (штыбты) кайра иштетүү үчүн пиролиз түзүлүшү иштелип чыккан.

Чет элдик журналдарда жарыяланган илимий макалалары

  1. Кыргыз Республикасынын шартында жаратылыш ресурстарын кайра иштетүүгө инновациялык ыкмалар. «II Эл аралык китеп. КМШ өлкөлөрүнүн «Мыкты мугалим-2022» басылмасы Нур-Султан, 2022. 15-19-б.
  2. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуунун жана окутуунун өзгөчөлүктөрү. Human Science. Россия Федерациясынын гуманитардык изилдөөлөрү. Омск. Т. 16. № 1-2022. Т. жок. 1. -б.132-140.

          Жаш аспирант учурда “Пайдалуу кен байлыктарды казып алууда колдонулган жогорку технологиялардын таасирин экономикалык-экологиялык баалоо” деген  темада кандидаттык диссертациянын устундо иштоодо.

Республикалык илимий-техникалык журналдарда жарыяланган илимий макалалары:

 Кыргызстанда аз сорттогу көмүрдү кайра иштетүү боюнча технологиялык жабдууларды талдоо. КУУ. Илим, билим берүү технологиясы. Ош, 2022. № 2(74). 12-17-бб.

  1. Виношарабын жасоодогу терминология лык жаратуучу дун концепциясы уулу негиздер. КУУ. Илим, билим берүү технологиясы. Ош, 2022. № 2(74). 109-112-беттер
  2. Транспорт тармагында ишкердикти өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгектери № 5 (2022), 162-167-беттер. Бишкек-2022.
  3. Пиролиз заводунун жүк түшүрүү механизмин өркүндөтүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгектери № 5 (2022), 168-172-б. Бишкек.

Илимий кызматкерлер тарабынан чыгарылган окуу

  1. Пиролиздин жардамы менен Кыргызстандын түштүк аймагындагы таш жана күрөң көмүрдү кайра иштетүү / Жаратылыш ресурстары институту. ресурс КР УИА. – Ош: 2022. -97б. УДК 622.33.; BBK33.31.; Ш-17.; ISBN 978-9967-12-944-3. Монография.
  1. 6. Институттун атынан коомдук-иш чараларга спорттко катышып келет.

          2024-жылдын 04-12 сентябрда Ыссык -Көл областындагы өткөн ХХ111  Эл аралык жана КМШ жана ШОС өлкөлөрүнүн ортосундагы “Азия-регион содружества и мира” аталыштагы спорттук мелдешке катышып. Команда “ИПР” аталып, волейбол түрү боюнча 3 орунду ээлеп бронза медаль кубок алды.

        7.Сертификат №20241218  о публикации статьи  Анарбай кызы С. “Экологическое состояние Хайдарканского ртутного  комбината, промышленные отходы” в журнале “Бюллетень науки и практики “в №12 (декабрь ) 2024 г.УДК /504 AGRIS Po1 https ://doi. org/ I 0.33 619/2414-29 48 / 109

ECOLOGICAL STATE OF THE KHAIDARKAN MERCURY PLANT. INDUSTRIAL WASTE

@Anarbay kyzy С., Institute of Natural Resources named after A.S. Dzhamanbaev, Southern Branch, NAS KR, Osh, Kyrgltzstan

6.Илимий байланыштары

          Учурда лаборатория “Рембыттехника” жана Кызыл-Кыядагы “Климов Сарыбаев Групп” ЖЧКсы менен пиролиз агрегатын өндүрүү боюнча кызматташат. Ал Абшыр-Ата көмүр кычкылтегин кычкылтексиз жаңыртууда колдонулат. Келечекте Майлуу-суу жылуулук бирикмеси (көмүрдүн майдасын күйгүзүү багытында), “Кадамжай сурьма комбинаты” менен Кыргызстандын түштүк аймагындагы таш көмүрдү жана күрөң көмүрлөргө химиялык жана техникалык анализдерди изилдөө боюнча кызматташуу пландаштырылууда.