Технолог» илимий-өндүрүштүк борбору
Борбордун түзүлүү тарыхы:
2000-жылы “Технолог” илимий-өндүрүштүк борбору түзүлгөн. “Технолог” ИӨБнын иши институттун бөлүмдөрүнүн жана лабораторияларынын ортосунда биргеликте, ошондой эле түштүк аймактык, прикладдык жана эксперименталдык илимий изилдөөсүндөгү конструктордук долбоорлук иштерди өткөрүү жана жүргүзүү болуп эсептелет.
Лабораториянын негизги илимий багыттары:
- Илимий–фундаменталдык иштөөдө практикалык багыттын алгачкы илимий жактарын изилдөө;
- Прикладдык илимий изилдөөлөрдүн алгачкы теориялык иштерин изилдөө;
- Үлгүлүү тетиктердин, түзүлүштөрдүн, агрегаттардын жана аппарат буюмдарынын физикалык, математикалык моделдерин иштөө жана иштеп чыгуу;
- Техникалык чийме жана конструкциялык технологияларды иштеп чыгуу;
- Иновациялык жана жаңы кабар технологиясын иштеп чыгуу;
- Жергиликтүү, республикадагы, чет өлкөдөгү өтүп жаткан көргөзмөлөргө, конкурстарга катышуу, өткөрүү жана уюштуруу;
- Техникалык жабдуулардын, буюмдардын тетиктеринин конструкциясын иштеп чыгууда жаңы компьютердик технологиясын колдонуу.
Лабораториянын курамы:
“Технолог” илимий-өндүрүштүк борборунда – 3 кызматкер, анын ичинде 2 илимий кызматкери жана 1 инженер эмгектенишет.
Токтоназаров Садыкбек Токтоназарович
“Технолог”илимий-өндүрүштүк борборунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек синирген ишмери.
Токтоназаров Садыкбек Токтоназарович 1952-жылдын 8-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. 1977-жылы Майли-Сай электромеханикалык техникумунун “металлды кесип кайра иштетүү” бөлүмүн, 1983-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Ош кечки факультетин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. Аталган Борбордо 1997-жылдан бери эмгектенүүдө. 10 илимий эмгектин автору.
Идирис уулу Дамирбек “Технолог” илимий-өндүрүш борборунун илимий кызматкер. Идирис уулу Дамирбек 1983-жылы 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында туулган. 2005-жылы Ош мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана география факультетинин «Кошумча биология менен химия» адистиги боюнча аяктаган. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин, Ош мамлекеттик университетинин ошол эле факультетинин “Жалпы биология жана MПБ” кафедрасында лабораториянын башчысы жана мугалими болуп иштеген. 2014-жылы РКПЧМ деген толук курсуна катышты жана сертификат күбөлүк алган.
Ормонов Мурза Рахматуллаевич “Технолог” илимий-өндүрүштүк борборунун инженери. Ормонов Мурза Рахматуллаевич 1988-жылы 18-июлунда Ош шаарында төрөлгөн. 2010-жылы академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетин, Кибернетика жана маалымат – технологиялык факультетинде, Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары адистиги боюнча аяктап, байланыш инженери кесипке ээ болгон. Дипломду ийгиликтүү коргоп аяктаган жана 2023-жылы ноябрь айында Кара-Суу шаарындагы “Маалыматтык тутумдардын акыркы технологиялары” темадагы алдыңкы Кыргызтелеком ААКнын телекоммуникациялык компаниясынан (Кара-Суу бөлүмү) тарабынан тренингдин катышып жана окуу курсун бүтүрдү.
Илимий иштердин жыйынтыктары:
Долбоорду иштеп чыгуу жана түзүүдөн баштап, проект менен долбоордук документтер иштелип чыккан жана орнотуулардын эксперименталдык үлгүлөрү түзүлгөн:
- Чөп майдалагыч;
- Кабык арчыгыч станок;
- Кол менен иштетүүчү суу насос;
- Күндүн нуру менен иштетүүчү жабдык;
- Чакан биогаз установкасы (жабдыгы);
- Кислота-щелочтуу бышыруу ыкмасы менен глиноземди алуу үчүн автоклав;
- Көмүрдү брикеттөө үчүн механикалык термелүү пресси;
- Үй шартында көмүрдүн калдыктарын брикеттөчү кол пресс;
- Балка майдалагыч;
- Электромеханикалык аралаштыргыч менен жана бутулкаларга даяр продукцияны куюу менен гумин-минералдык жер семирткичтерди жана гуматтарды чыгаруу боюнча мини-линия;
- Даяр продукцияны түшүрүүчү механизми бар пиролиздик жабдыктын прототиби даярдалды;
- “Термико” күн кургатуу жабдыгы;
- Суук мезгилде иштөө үчүн “Ассоль-K” колдонуу менен эки контурлуу күн орнотуучу установкасы;
- Шар сымал тегирмен;
- Гидроудардык кавитация жабдыгы.
.






Илимий байланыштары:
- Академик М.М. Адышева атындагы Ош технологиялык университети;
- Ош мамлекеттик университети;
- «Ош насос заводу» жоопкерчилиги чектелген коому;
- Рембыттехника Ош ш.