Түзүлүү тарыхы
«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» лабораториясынын тарыхы 1988-жылдан башталат. Бул жылдары Ош шаарында Түштүк илимий окуу борбору ачылып, анын негизги максаты катары илим менен билим берүүнү айкалыштыруу, түштүк элинин илимий потенциалын жогорулатуу болгон. «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары ачылып, изилдөө иштери башталган. 1991-жылы Түштүк илимий окууборборунун базасында Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институту түзүлүп, «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораториялары бириктирилген, анын базасында “Көмүрдү брикеттөө” лабораториясы ачылган.
Лабораторияны 1991-2025-жылдар аралыгында т.и.д., профессор, КР УИАнын анык мүчөсү Текенов Ж.Т., т.и.к. Курманкулов Ш., х.и.к. Джапарова Ш., т.и.к. Цой А.В., т.и.д. Абидов А.О., Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауренаты, ага илимий кызматкер Сабиров Батырбек Зулумович жетектеп келишти.
2025-жылдан тарта ф.-м. и. к., доцент Кадыров Кудайберди Сайдиевич жетектөөдө.
- Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары
Кыргыз Республикасындагы күрөң жана таш көмүр кендеринен казылып алынган көмүрдөн аймактык өндүрүшкө, айыл чарба өндүрүшүнө жана коммуналдык үй тиричилигине зарыл болгон продуктуларды алуунун комплекстүү кайра иштетүү технологияларын иштеп чыгуу.
Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонуу
1991-2021-жылдарда лабораторияда эмгектеген кызматкерлер тарабынан көптөгөн илимий иштелемелер – кесектелген отундарды алуунун технологиялары, ыкмалары, кесектелеген отундун курамы боюнча иштелме иштелип чыгып, Кыргызстандын отун –энергетикалык тармактарына колдонууга берилди.
Лабораториянын илимий продукциялары: – формаланган көмүр брикети (ФКБ), кесектелген отун түрлөрү түштүк аймактын жеке секторлорунда колдонулуп жатат.
Илимий байланыштары
Азыркы учурда аталган лаборатория Кыргызстандын түштүк жергесиндеги көмүр компаниялары менен тыгыз кызматташуусун алып барат. Компания өкүлдөрүн негизинен көмүр сапатын лабораториялык изилдөө менен аныктоо жана көмүрдү кайра иштетүүнүн технологиялары, анын сапатын жогорулатуу кызыктырат. Ош жылуулук электр борбору, Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен кызматташат.
Илимий иштердин жыйынтыктары
Өзгөн көмүр бассейнинин Торгой-Добо, Кумбель, Кара-Добо көмүр кендеринин көмүрүн байытуу процессин изилдөө иштери аткарылды.
Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан көмүр кендеринин казып алууда пайда болгон сорту начар көмүрлөрдү энергетикалык отун катары пайдалануу боюнча илимий сунуштар, технологиялар, ыкмалар иштелип чыкты.
Энергетикалык багытта пайдалануу үчүн түтүн бөлүп чыгаруусу аз чала кокстуу отундарды алуунун технологиялары иштелип чыкты.
Өндүрүшкө киргизүүгө даяр болгон инновациялык иштелмелер
Көмүрдүн майдасын брикеттөө үчүн жаңы органикалык эмес бириктиргич (связующее) сунушталган. Жаңы бириктиргич башта колдонулуп келген бириктиргичтерге салыштырмалуу 2-3 эсе аз сарпталат. Алынган брикеттин сапаты жогору.
3.Лабораториянын курамы
«Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетүү» лабораториясында 3 кызматкер эмгектенет: 1 илимдин доктору, 1 ага илимий кызматкер, 1 улук лаборант.
Лабораториянын башчысы- улук илимий кызматкер, ф.-м. и. к., доцент Кадыров Кудайберди Сайдиевич 1962-жылдын 21-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1989-жылы математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтун аяктаган. 34төн ашык илимий макаланын жана 1 ойлоп табуу патентинин автору.
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, у.и.к. Сабиров Батырбек Зулумович 1973–жылы 12- мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында төрөлгөн. Ош Мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетин 1996- жылы аяктап, химия жана кошумча биология адистигине ээ болгон. Илимий журналдарда 30 дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан, 1 ойлоп табуунун автору.
Улук лаборант Азизова Айзат Камалидиновна 2002-жылы 12 – январда Ош облусунун Өзгөн районунун Шералы айылында төрөлгөн. Ош Мамлекеттик Университетинин “Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун «Химиялык- экологиялык, соттук- медициналык экспертиза» адистигин аяктаган.
4. Илимий иштердин жыйынтыктары.
2024-жылдын ИИУнун илимий изилдөөлөрүнүн эң маанилүү жыйынтыктарынын тизмеси :
- Лабораториялык шартта Кара-Добо көмүрүн кургак байытуучу түзүлүштүн конструкциясын иштеп чыгуу боюнча жумуштар аткарылды.
- Абанын ар түрдүү агымында сорттолуучу катмардагы көмүрдүн катмарларга бөлүүнү принциптери изилденди.
- Көмүр бөлүкчөлөрүнүн чондугуна жараша аба менен үйлөтүп катмарларга бөлүнүү тажрыйбасы жасалып анын өндүрүштүк үлгүлөрү алынды.
- Бул эксперментте эн майда чондуктагы бөлүкчөнүн теплотехникалык мүнөздөмөлөрү жакшы болгондугу аныкталды.
- 2024-жылда илимий изилдөө иштеринин (ИИИ) ишканаларга колдонууларынын (внедрениясынын) жыйынтыктары
5. Лабораториянын ишмердүүлүгү.
2024-жылдын көрсөтүлгөн мезгилиндеги изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча лабораториянын кызматкерлери тарабынан төмөндө саналган макалалар жарыяланып, ойлоп табууларга өтүнмөлөр даярдалат.
1. 1. Сабиров Б.З. Муниципалдык жана тиричилик үчүн жакшыртылган мештерде композиттүү көмүр отундарынан жылуулук алуу технологиясы [Текст] / Б.З. Сабиров, Ы.Т. Ташполотов // Илим жана практика жарчысы. – 2024. – Т. 10, № 2. – Б. 379-387. – DOI 10.33619/2414-2948/99/36. – EDN YWSAGK.2. 2. Сабиров Б.З. Кызыл-Булак жана Кожо-Келен кендеринин көмүрүнөн жана жылытылган битумдан композиттик катуу отун алуу технологиясы [Текст] / Б.З.Сабиров, Ы. Т.Ташполотов // Илим жана практика жарчысы. – 2024. – Т. 10, № 2. – Б. 388-396. – DOI 10.33619/2414-2948/99/37. – EDN YJNTEH.3. 3. Сабиров Б.З. Композиттик катуу отун өндүрүү үчүн байланыштыргыч кошумча катары активдештирилген чопону изилдөө [Текст] / Сабиров Б.З., Ташполотов Ы. Т., Сапарбаев С.Т. // КР УИАнын кабарлары, 2023-ж., №8, С.365-371
Изденүүчү Сабиров Б.З. 2024-жылдын 7 –июнунда Ош мамлекеттик университетине жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Д 05.22.651 диссертациялык кеңештин жыйынында “Көмүр казып алуудагы калдыктардын негизинде активдештирилген бириктиргичтери бар композиттик катуу отун алуу технологиясын иштеп чыгуу» деген темадагы 05.17.06 – композиттерди жана полимерлерди кайра иштетүү жана технологиялары адистиги боюнча диссертациялык жумушун ийгиликтүү коргоду.
6.Илимий байланыштар.
Лаборатория Кыргызстандын түштүгүндөгү көмүр ишканалары менен, атап айтканда «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы, «АБКЕ» ЖЧКсы, «Жазы» ААКсы жана башкалар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат.