Түзүлүү тарыхы

      “Көмүр байлыктарын отун эмес катары пайдалануу” лабораториясы 1988-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк регионалдык бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институтунун курамында түзүлгөн.

      Лабораторияны 1988-2020-жылдар аралыгында т.и.д., профессор Ж.А. Арзиев жетектеп келген. 2020-жылдан баштап х.и.к., ага илимий кызматкер Ш. Джапарова жетектөөдө. 

Негизги илимий багыттары

      Лабораториянын негизги илимий багыты: Кыргыз Республикасынын күрөң көмүрлөрүнүн сапатсыз, кычкылданган майда бөлүгүн жана түштүк регионундагы минералдык жаратылыш ресурстарын пайдаланып органикалык гуминдик, гуматташтырылган органикалык-минералдык жер семирткичтерин өндүрүүнүн технологияларын иштеп чыгуу.

Негизги  темалары:

  • Көмүр жана табигый глауконит, фосфордук минералдык  ресурстарынын негизинде гуматташтырылган органикалык-минералдык жер семирткичтерди (ГОМЖС) алуунун илимий-технологиялык негиздерин иштеп чыгуу; 
  • Алынган ГОМЖС өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, өнүгүүсүнө, түшүмдүүлүгүнө,  зыянкечтерге, оорууларга чыдамкайлуулугуна жана башка касиеттерине болгон таасирин изилдөө; 
  • ГОМЖС өндүрүү технологиясынын негизинде өндүрүшкө киргизүүнүн илимий, инженердик патенттик негизин түзүү.

Илимий байланыштары

       Учурда аталган лаборатория илимий изилдөө менен бирге билим берүүнү интеграциялоо менен  жаштардын илимге болгон кызыгууларын арттыруу максатында академик М.М. Адышев атындагы  Ош технологиялык университети менен биргеликте “Климат өзгөрүүлөрү жана жерди пайдалануу”окуу-илимий лабораториясын түзүп, лабораториянын илимий-изилдөө тематикасына байланыштуу илимий изилдөөлөрдү лаборатория кызматкерлери, студеттер, магистранттар, аспиранттар  менен бирге жүргүзүшөт. Лабораторияда өндүрүлгөн  ГОМЖСны практикада колдонууну камсыздоо максатында КРнын Кара-Суу пахтачылык илимий тажрыйба станциясы менен тыгыз кызматташып келет.  Ош шаарынын Мэриясына караштуу Жашылдандыруу жана көркөмдөштүрүү комбинаты менен  Ош мамлекеттик, Кыргыз-Өзбек, Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен да кызматташат. 

«КБОЭКП» лабораториясынын илимий изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары илимий журналдарда  жана Интернет ресурстарында жарык көрүп келет.

Лабораториянын курамы

      “Көмүр байлыктарын отун эмес катары пайдалануу” лабораториясында бүгүнкү күндө 8 илимий жана көмөкчү кызматкерлер, анын ичинде  1 илимдин доктору, 4 илимдердин кандидаттары, 1 инженер, 1 лаборант эмгектенишет.

       Лабораториянын башчысы, х.и.к., доцент  Джапарова Шакархон, 1954-жылы Ош облусунун Карасуу районунун Шарк айылында төрөлгөн. 1978-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун Химия-биология факултетин Лениндик стипендиаты болуп аяктаган (азыркы И.Арабаев атындагы Университет). Ал 1997-жылы КРнын УИАнын Химия жана химиялык технологиялар институтунда окумуштуулар: академик Ж.Текенов, Ш.Сарымсаковдун жетекчилигинде кандидаттык диссертациясын коргогон. 1988-жылдан баштап аталган институтта  ага инженер, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы кызматтарында эмгектенип келет. 2 ойлоп табуунун, 1 монографиянын,  12 окуу-усулдук колдонмолордун автору, илимий журналдарда 50 дөн ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан.           

       Башкы илимий кызматкер, академик Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович  1940-жылдын 12-декабрында Ош облусунун Озгон районунун Ничкесай айылында төрөлгөн. 1962-жылы Ош педагогикалык институтун «химия-биология» мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1984- жылы доктордук диссертацисын коргогон. Ал  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясыны, Эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Инженер академиясынын академиги. Б.Мурзуибраимовдун 300дөн ашуун илимий эмгектери жарыяланган. Алардын көпчүүлүгү илимий журналдарда  жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Анын жетекчилиги астында 18 кандидаттык жана 2 доктордук диссертациялар корголгон.

       Улук илимий кызматкер Борубаев Султанбай Апийинович 1955-жылы  Ош облусунун Кара-Суу районунун Большевик айылында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун механикалык факультетин аяктап, «Автомобилдер жана автомобилдер чарбасы» адистигине ээ болгон. 1995-жылы  кандидаттык илимий даражасын коргогон.  

Анын илимий журналдарда жарыяланган 30дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан, анын ичинде 4 автордук күбөлүк, 1 монография бар.