Лабораториянын түзүлүшүнүн тарыхы

       «Келечектүү технологиялар жана материалдар лабораториясы» 2011-жылы «Тоо байлыктарын пайдалануу» жана «Рудалык эмес ресурстарды комплекстүү пайдалануу» лабораторияларынын биригүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары институтунун курамында уюшулган.

          Лабораторияны 2011-2016-жылдар аралыгында ф-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов жетектеп келди. 2017- 2021-жылдары т.и.к., ага илимий кызматкер У.К.Абдалиев жетектеп, азыркы учурда ф-м.и.д.,профессор Ы. Ташполотов жетектөөдө.

Негизги  илимий  багыттары

           Лабораториянын негизги илимий багыты – Кыргыз Республикасынын Түштүк регионундагы жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүнүн инновациялык технологияларын иштеп чыгуу.

Лабораториянын илимий темалары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Көмүр жана жаратылыш байлыктарынын негизинде суу-көмүрдүк, суу-эмульсиялык жана композициялык күйүүчү заттарды алуунун илимий-технологиялык негиздерин иштеп чыгуу;
  • Энергиянын жана жылуулуктун жаңы булактарын изилдөө;
  • Нанотехнологиянын негизинде сууну тазалоонун илимий негиздерин түзүү;
  • Базальтты кайрадан иштетүү менен курулуш материалдарын жана башка каражаттарды өндүрүүнүн илимий технологияларын түзүү.

Илимий байланыштары         

          Учурда лаборатория Ош шаардык мамлекеттик администрациясы, Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы, Ош жылуулук электр борбору, Ош мамлекеттик, Кыргыз-Өзбек Эл аралык ,Ош технологиялык университеттери жана башка уюмдар, ишканалар менен кызматташат. Кыргыз Республикасынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Ош шаардык мэриясы менен базальтты кайрадан иштетүүдөн курулуш материалдарын жана каражаттарын өндүрүүнүн,  кавитациялык технологияда жылуулук менен камсыздоочу суунун температурасын жогорулатуунун  фундаменталдык жана прикладдык илимий-технологиялык негиздерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытында Меморандумдар түзүлдү.

        Лабораториянын илимий кызматкерлери илимге инвестиция алып келүү      максатында Эл – аралык илим изилдөөчүлөр менен кызматташууда.          Жыйынтыгында Россиядагы Табигый илимдер академиясы (РТИА) менен кызматташып жатабыз. Азыркы учурда КТМ лабораториясынын башкы илимий кызматкери (в.н.с.) профессор Ташполотов Ы. РТИАнын мүчө –корреспонденти болуп шайланып  илимий макалаларды электрондук форматта жарыялоого, интернет конференцияларга катышууга, РТИАнын платформасында Интернет-конференцияларды уюштурууга ж.б. мүмкүнчүлүк алган

 

 

Илимий иштердин жыйынтыктары

  • Электроионизациялык ыкманын негизинде сууну тазалоонун жана залалсыздандыруунун технологиясы иштелип чыкты жана колдонууга киргизилди;
  • Кавитация эффектисин колдонуп эмульсиялык, композициялык, суу-көмүрдүк суюк күйүүчү заттарды алуунун технологиясы жана жылуулук генераторун түзүү ыкмасы иштелип чыкты;
  • Ош шаарын газдаштыруу, жылуулук менен камсыздоо ж.б максаттарында көмүрдү комплекстүү иштетүүнүн технологиясы жана анын инвестициялык долбоору даярдалды;
  •  Баткен областындагы Кан коргошун кенин иштетүү максатында коргошундун минералдык рудасын кайра иштетүү технологиясы жана инвестициялык долбоору даярдалды;
  • Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан техногендик чыгындылардан гравитациялык усулда сурьманы байытып бөлүп алуу технологиясы даярдалды;
  • Метоллотермикалык заттардын негизинде жылуулук энергиясын алуунун технологиясы жаратылды.
  • Көп компоненттүү күйүүчү суспензиялардын физикалык жана технологиялык касиеттерине кавитациянын таасири изилденди;

  • Кавитациялык эффект аркылуу туруктуу суу-көмүр отун алуунун физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү изилденди.

  • Техникалык мүнөздөмөлөрү жакшырган композиттик күйүүчү отундар алынды.

  • Суюк углеводороддордун негизинде композиттик отунду алуу технологиясын иштеп чыгуу боюнча эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Андан кийин, композиттик отундун негизги технологиялык мүнөздөмөлөрү аныкталат.

  • Композиттик отунду жагуучу түзүлүштүн конструкциясы иштелип чыкты.

  • Казан мештеринде композициялык отундун күйүү процесстеринин негизги мүнөздөмөлөрү аныкталды.

Өндүрүшкө киргизилген жыйынтыктар

  • Ош «Шаардык суу канал» муниципалдык ишканасында лабораторияда иштелип чыккан сууну тазалоонун жана залалсыздандыруунун электроионизациялык ыкмасы өндүрүшкө киргизилди.
  • Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынан суунун курамындагы химиялык элементтерди аныктоонун электроионизациялык технологиясынын жарамдуулугу боюнча эксперттик корутунду алынды.
  • Ош шаардык Жылуулук электр борборунда кавитация эффектинин негизинде сууну жылытуу технологиясы колдонууга киргизилди.
  • Ош “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына суу-эмульсиялык күйүүчү аралашманы алуу технологиясы колдонууга киргизилди. 
  • Коргошундун минералдык рудасын иштетүү боюнча инвестициялык долбоор Корея жана Кытай инвесторлору тарабынан колдоо тапты.
  • Ош шаарын газ жана жылуулук менен камсыздоо максатында көмүрдү комплекстүү иштетүүнүн технологиясы боюнча даярдалган инвестициялык долбоор Ош шаардык администрациясы тарабынан жактырылып Кытай инвесторлоруна сунушталды.
  • Кадамжай сурьма комбинатында, андан чыккан техногендик чыгындылардан сурьманы бөлүп алуу технологиясы өндүрүшкө киргизилди.
  • Электрофизикалык ионизация негизинде суюктуктардан жылуулук энергиясын эффективдүү иштеп чыгуучу электроионизациялык жылуулук генератору Ош шаарындагы “Шакирова” от казанына колдонууга киргизилди.

Лабораториянын  ишмердүүлүгү

         «Келечектүү технологиялар жана материалдар» лабораториясынын илим-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары төмөндөгү илимий журналдарда жана Интернет ресурстарында жарык көрдү:

1. Абдалиев У.К. Процесс горения водоэмульсионного топлива // [Электронный ресурс] – режим доступа: http://www.econf.rae.ru/article/8335 (дата обращения 02.04.2014).

2. Асанов Р. Э., Абдалиев У. К., Ташполотов Ы. Исследование зависимостей удельной электрической проводимости низко-концентрированной  водоугольной суспензии (ВУС) от концентрации реагента гумата натрия и от концентрации твердой фазы суспензий // Бюллетень науки и практики. Электрон. журн. 2017. №12 (25).-399с.

3. Абдуллаева М.Д. Экологически чистые низкотемпературные теплоносители для систем солнечного теплоснабжения /М.Д. Абдуллаева // Известия ВУЗов  2014, № 5 с. 4-7

4. Абдуллаева М.Д. Технологические исследования     нефелиновых сиенитов месторождения Зардалы с целью комплексного использования/Каримов Ж.К.,Алтыбаева Д.Т.,Мурзубраимов Б.М.//Проблемы современной науки и образования, г. Иваново, № 34 (76) 2016.стр. 18-22 , с импакт-фактором РИНЦ: 1,52.

5. Асанов Р.Э., Абдалиев У.К., Ысманов Э.М., Ташполотов Ы. Получение стабильной водоугольной суспензии способом гидродинамической кавитации при разных концентрациях // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3230 от 14.12.2017.

6. Ысманов Э.М.Абдалиев У.К., Ташполотов Ы.Обогащение сурьмяных отходов на основе гравитационного метода // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3085 от 30.01.2017.

7. Абдуллаева М.П., Рахманова Н.Р., Абдуллаева М.Д., Алтыбаева Д.Т. «Исследование влияния денатурируюших веществ на свойства водных растворов этилового спирта».  Вестник ОшГУ, 2017 Спец.выпуск, стр.56-59

8. Рахманова Н.Р., Абдуллаева М.П., Абдуллаева М.Д. «Новые экологически безопасные тепло- и хладоносители».  Вестник ОшГУ, 2017 Спец.выпуск, стр.150-154

9. Абдуллаева М.П., Жумаева А.Т., Абдуллаева М.Д. «Физико-химические исследования теплоносителя Асол-К с улучшенными эксплуатационными свойствами». Вестник ОшГУ,  Сер.естественных наук. г. Ош 2015, №4, стр.16-21

10. Амадали к Аида, Абдуллаева М.П., Абдуллаева М.Д. «Экологически чистые низкотемпературные теплоносители для пищевой промышленности, энергетики и транспорта». «Сулайман-Тоо символ мира и согласия», Вестник ОшГУ, 2015, №2, стр.160-167ное

11. АтамбековаА.К., Ташполотов Ы.,  Садыков Э., Матисаков Т.К. Cолнечные элементы на основе перовскита// Материалы IV Международной конференции по Оптическим и фотоэлектрическим явлениям в полупроводниках микро- и наноструктурах», Фергана, конференция 25-26 мая 2018 , С. 142-145.

12. Асанов Р.Э., Абдалиев У.К., Ысманов Э.М. Исследование зависимостей удельной теплоемкости низко-концентрированной водоугольной суспензии (ВУС) от концентрации реагента гумата натрия и от концентрации твердой фазы суспензий. Известия Ошского технологического университета – Ош, 2018. – № 1. – С.181-187

13. Ысманов Э.М., Абдалиев У.К.,Асанов Р.Э. Получение и восстановление кремния из золы рисовой шелухи с йодированием диффузионно-транспортным методом. – «Проблемы науки, техники и технологий», ОшТУ, 2018. – С. 259-262.

14. Асанов Р.Э., Абдалиев У.К., Ысманов Э.М., Ташполотов Ы. Получение стабильной водоугольной суспензии способом гидродинамической кавитации при разных концентрациях // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3230 от 14.12.2017.

15. Ташполотов Ы., Турдубаева Ж.К. Влияние фракционного состава барита Тоо-Моюнского месторождения на эффективность защиты от радиационного излучения// Журнал Бюллетень науки и практики, т.4, №2. – Нижневартовск, 2018. – С. 28-33.

16. АтамбековаА.К., Ташполотов Ы.,  Садыков Э., Матисаков Т.К. Cолнечные элементы на основе перовскита// Материалы IV Международной конференции по Оптическим и фотоэлектрическим явлениям в полупроводниках микро- и наноструктурах», Фергана, конференция 25-26 мая 2018 , С. 142-145.

17. Ысманов Э.М., Абдалиев У.К.,Асанов Р.Э. Получение и восстановление кремния из золы рисовой шелухи с йодированием диффузионно-транспортным методом. – «Проблемы науки, техники и технологий», ОшТУ, 2018. – С. 259-262.

18. Турдубаева Ж.А., Жогаштиев Н.Т,, Садыков Э.С.,Ташполотов Ы..Т. Получение  нанопорошков химических элементов с использованием электрофизической ионизации// Известия Ошского технологического университета, 2018, №1,С. 44-49.

19. Перханова Ы.А., Ташполотов Ы. Влияние экологических факторов на здоровье детского населения г.Кадамжай Баткенской области КР// Материалы научно-технической конференции “Проблемы науки, техники и технологии”, посвященной 65-летию ученого и писателя Самиева М.С., 11 мая 2018,С. 177-182

20. Осекова Г.А.,Ташполотов Ы., Ысманов Э.М. Исследование бурых углей Алайского бассейна с применением пиролиза(без доступа воздуха)// Известия Ошского технологического университета, 2018, №1,С. 174-176, С. 174-176.

21. Тайтокурова Г.З., Ташполотов Ы. Закономерности и механизмы формирования наноструктур и влияние внешних факторов на их свойства.// Материалы конференции в ОшТУ,18-19-мая 2018 года на тему «Физико-технические проблемы в образовании и науке», посвященной “25-летному юбилею кафедры Физика и светлой памяти кандидата биологических наук, профессора кафедры Физика Асанова Маматазим Асановича”.

22. Ысманов Э.М., Абдалиев У.К., ДжусумаматовЭ.А. “Исследование промышленных отходов Кадамжайского сурьмянного комбината на радиоактивное загрязнение”// Известия НАН КР, 2018.

23.  Токторбаева Г. П., Ташполотов Ы., Ысманов Э. М. Исследование разделения древесной смолы на органические фракции на основе индивидуального выкипания веществ // Бюллетень науки и практики. 2021. Т. 7. №1. С. 296-299. https://doi.org/10.33619/2414-2948/62/30

24. Осекова Г. А., Ташполотов Ы. Исследование и получение соединений карбоновых кислот из cмол узгенских углей // Бюллетень науки и практики. 2021. Т. 7. №1. С. 305-310. https://doi.org/10.33619/2414-2948/62/32

25. Бекназарова А.И., Садыков Э., Ташполотов Ы. Создание композиционных материалов для защиты от электромагнитных излучений.Естественнонаучный журнал “Точная наука” (РФ), Кемерово, 2021, вып.№99,С. 4-7.

26. Бекназарова А.И., Садыков Э., Ташполотов Ы. Композиционные материалы на основе базальта. Естественнонаучный журнал “Точная наука” (РФ), Кемерово, 2021, вып.№101,С.26-29.

27. Абдалиев У.К. Исследование технологии получения композиционного топлива на основе нефелометрического метода. Бюллетень науки и практики — Bulletin of Science and Practice научный журнал (scientific journal) – Россия, Нижневартовск, 2021г. – Т 7. №6. – С. 135-139.

28. Алдашева Н.Т. Разработка технологии получения водоугольного топлива и определение оптимальности его горения. Бюллетень науки и практики — Bulletin of Science and Practice научный журнал (scientific journal) – Россия, Нижневартовск, 2021г. – Т 7. №6. – С. 124-128.

29. Абдалиев У.К., Асанов Р.Э., Сатыбалдыев А.Б. Создание высокоэффективной горелки «Универсал» для композиционных топлив. Рецензируемый научный журнал «Тенденции развития науки и образования”. – Самара, 2021г. – №75. Часть 2. – С.128-132.

30. Эркинбаева Н.А., Ысманов Э.М. Ташполотов Ы., Технология извлечения РЗЭ из отходов Кадамжайского сурьмяного комбината методом осаждении и транспортных реакций с конвекцией газов//Современная школа России. Вопросы модернизации.. 2021. № 2 (35)., с.125-129.

31. Эркинбаева Н.А., Ысманов Э.М. Ташполотов Ы., Технология получения редкоземельных элементов из шлака Кадамжайского сурьмяного комбината с применением неорганических и органических реагентов методом осаждения//Тенденции развития науки и образования. – РФ, г.Самара, 2021. № 74, часть2., с.143-147.

32. Бекенова Г.И., Туйчиева И., Ташполотов Ы., Садыков Э. Минералдык ресурстардын негизинде функционалдык керамика түзүү. // The scientific heritage,(Венгрия, Будапешт), 2022, No89, , Р.95-98, ISSN 9215 – 0365;

33. Салиева М.Г., Ташполотов Ы. Отун-энергетика комплекстеринин калдыктарынын негизинде керамикалык буюмдарды чыгаруу // Илим жана практиканын бюллетени 2022. №5. 411-417-бет, https://doi.org/10.33619/2414-2948/78/47;

34. Ибраимов Т.К., Маматов Э.У., Асанова Э., Ташполотов Ы., Садыков Э. Өсүмдүктүн өнүгүү көрсөткүчтөрүнө электр талаасы менен активдештирилген суунун таасири // Илим жана практиканын бюллетени 2022. №5., 67-72-бет. https://doi.org/10.33619/2414-2948/78/07

35. Маматов Э.У., Ибраимов Т.К., Ташполотов Ы. Базальт порошокторунун жана өндүрүштүн катуу калдыктарынын дисперсиялык курамын аныктоо // The scientific heritage (Будапешт, Венгрия), 2022, No 88, Р.71-73., ISSN 9215 — 0365;

36. Ташполотов Ы. Энергия алуу кремний силикат // 21-Республикалык илимий-техникалык конференциянын материалдарынын жыйнагы «Альтернативдүү энергия булактарынын жаңы түрлөрүн, инновациялык чечимдерди колдонуу жана аларды колдонууда энергияны үнөмдөө», 29-30 – апрель 2022 – жыл , Өзбекстан Республикасы, Андижан шаары;

37. Токторбаева Г., Ташполотов Ы, Садырова М. Жаңгак көмүрүнүн салыштырма электр каршылыгын аныктоо // The scientific heritage, (Венгрия, Будапешт), 2022, No91, , Р.116-120.

38. Атамбекова А.К., Ташполотов Ы. Төө-Моюн кенинин баритинен барий лантанилцитраттын композициялык затын түзүү жана өндүрүү // Илим менен билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары, 2022, №6.(в печати).

39. Жогаштиев Н.Т., Ташполотов Ы. Исследование физико-механических характеристик углеродистых материалов// Научные исследования в Кыргызской Республике. Электронный журнал ВАК КР, 2021 , вып. №1.

40. Ибрагимов Т.К., Эркинбаева Н.А., Ташполотов Ы., Садыков Э. Способ преобразования химических элементов на основе эффекта электрофизической ионизации. Вестник ОшГУ, Серия“Математика, физика. техника” 2021, С.139-147.

41. Маматов Э.У., Ташполотов Ы., Ибрагимов Т.К. Кыргыз Республикасынын Кызыл-Кыя кенинин базальт тектеринин кристаллдарынын бетинин микрорельефин (фракталдык касиеттерин) изилдөө // ОшМУ Жарчысы, 2022, №1. серия МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, ТЕХНИКА, 205-213-бет. .https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/21654059699OshMU_harchysy_%E2%84%961_2022,_Matematika,_fizika,_tehnika.pdf

42. Жогаштиев Н.Т., Ташполотов Ы. Биокөмүрдүн негизинде биоэпоксиддик композицияны алуу // Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары “Илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясынын маселелери”, 2022-жылдын 2-3-июнунда Ош шаарында өткөрүлдү, КР УИАнын кабарлары , атайын чыгарылыш, 2022, №5, 33-38-б; http://ilim.naskr.kg/index.php/main;

43. Ибраимов Т.К., Садыков Э., Ташполотов Ы. Электрофизикалык иондоштуруунун негизинде саркынды суулардан сейрек кездешүүчү элементтердин оксиддерин алуу // Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары “Илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясынын маселелери”, 2022-жылдын 2-3-июнунда Ош шаарында өткөрүлдү, КР УИАнын кабарлары , атайын чыгарылыш, 2022, №5, 39-44-бет; http://ilim.naskr.kg/index.php/main;

44. Абдалиев У.К., Ысманов Э.М., Ташполотов Ы. Йодго чыланган чыпканы колдонуу менен иштетилген газдардан тетраэтил коргошунду алуу жана калыбына келтирүү // Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары “Илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясынын маселелери”, 2022-жылдын 2-3-июнунда Ош шаарында өткөрүлдү, КР УИАнын кабарлары, атайын чыгарылыш, 2022, №5, 10-15-бет. http://ilim.naskr.kg/index.php/main.

45. Абдалиев У.К. Системада катуу литий өткөрүүчү электролиттер(y-x)K2CO3 – xLi2CO3 – ySb2O3 – 2(2-y)WO3 / Х.Н.Бозоров, В.Д.Бучельников, Г.У.Абдуллаева, U.K.Abdaliev // Эл аралык форум “Физика-2022” Өзбекстан Намангандагы инженердик-технологиялык институтту, 4-5-октябрь 2022-жыл, 135-бет (Тезис).

46. Абдалиев У.К. Пиролиз усулунда көмүрдү газдаштыруу жана коксташтыруу// ОшТУ Жарчысы (басмада)

 Автордук күбөлүктөр:

  • Ысманов Э.М.Абдалиев У.К., Ташполотов Ы.Обогащение сурьмяных отходов на основе гравитационного метода // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3085 от 30.01.2017.
  • Ташполотов Ы., Кыдыралиев Т. А., Ысманов Э.М., Абдалиев У.К. Создание технологии получения тепловой энергии на основе металлотермических веществ // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3201 от 18.09.2017.
  • Ысманов Э.М., Абдалиев У.К., Ташполотов Ы. Осаждение мышьяка и железа из промышленных отходов (штейна и шлака) Кадамжайского сурьмяного комбината химическим методом // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3200 от 18.09.2017.
  • Асанов Р.Э., Абдалиев У.К., Ысманов Э.М., Ташполотов Ы. Получение стабильной водоугольной суспензии способом гидродинамической кавитации при разных концентрациях // Авторское свидетельство Кыргызпатента №3230 от 14.12.2017.
  • Абдалиев У.К., Асанов Р.Э., Сатыбалдыев А.Б. Создание высокоэффективной горелки «Универсал» для композиционных топлив. Күбөлүк №4479 КЫРГЫЗПАТЕНТ 27.09.2021.

  • Эркинбаева Н.А., Ысманов Э.М., Ташполотов Ы. Технология получения редкоземельных элементов из шлака Кадамжайского сурьмяного комбината с применением неорганических и органических реагентов  методом осаждения. Свидетельство  Кыргызпатента, №4445, 24.08.2021.

       Монографиялар:

  • Абдалиев У.К.,Ташполотов Ы. “Суу-эмульсиялык күйүүчү аралашманы алуунун технологиясы//Окуу китептерин даярдоо борбору. – Ош, 2018 – 118 бет.
  • Ысманов Э.М., Абдалиев У.К., Ташполотов Ы. Технология получения сурьмы из техногенных отходов Кадамжайского сурьмяного комбината //Окуу китептерин даярдоо борбору. – Ош, 2019 – 124 бет.                                

Окуу-усулдук колдонмо:

           Абдалиев, У.К. Механика боюнча лабораториялык жумуштар [Текст] /У.К. Абдалиев, Т.Р. Кадырова // – Учебно-методическое пособие, Изд.”Билим” при КУУ им. Б.Сыдыкова. – Ош, 2021г. – 66 с.

          Абдалиев, У.К. Молекулалык физика боюнча лабораториялык жумуштар [Текст] / У.К. Абдалиев, Т.Р. Кадырова // – Учебно-методическое пособие, Изд.”Билим” при КУУ им. Б.Сыдыкова. – Ош, 2021г. – 66 с.

       Абдалиев, У.К. “Өлчөө техникасы” [Текст] / Г.А. Баймуратова, У.К. Абдалиев // – Учебно-методическое пособие, Изд. при ОшТУ. – Ош, 2021г. – 152 с.

     Абдалиев У.К. Машина куруудагы технологиялык процесстер. Практикалык тапшырмалардын жыйнагы 5,5 б.т (басмада).

 

 

Лабораториянын курамы

“Келечектүү технологиялар жана материалдар” лабораториясында бүгүнкү күндө 6 илимий жана көмөкчү кызматкерлер, анын ичинде  1 илимдин доктору, 3 техникалык илимдердин кандидаттары, 1 инженер, 1 лаборант эмгектенишет.

       Лаборатория башчысы ф-м.и.д. профессор, Ташполотов Ысламидин  1954-жылдын 26-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун  физика-математика факультетинин «Физика» адистигин 1975-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ал 1981-жылы Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын академик Х.А.Рахматуллиндин жетекчилиги менен аяктаган жана 1983-жылы кандидаттык диссертациясын(МГУ), ал эми 2004-жылы доктордук диссертациясын (Бишкек) коргогон. Илимий журналдарда  200дөн ашуун илимий жана электрондук ресурс катары  эмгектери жарыкка чыккан.  4 монография, 20 патент жана автордук күбөлүктөр, 28 окуу-усулдук жана илимий популярдуу жумуштардын автору.

       Лабораториянын улук илимий кызматкери, т.и.к. Абдалиев Урмат Калмаматович 1972–жылдын 20-июлунда Ош облусунун Карасуу районунун Мады айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин 1996-жылы аяктап, физика  адистигине ээ болгон. 2016-жылы кандидаттык диссертациясын (ОшМУ, Ош) коргогон. Илимий журналдарда 50 дөн ашуун илимий жана электрондук ресурс катары  эмгектери жарыкка чыккан, 1 ойлоп табуунун, 8 автордук күбөлүктүн, 2 монография, 5 окуу-усулдук колдонмолордун автору.

       Техника илимдеринин кандидаты, лабораториянын улук илимий кызматкери , доцент Садыков Эркинбай  1956-жылдын 23-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу  районунун Папан айылында төрөлгөн.Ош мамлекеттик педагогикалык  институтунун  физика-математика факультетин 1976-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, физика мугалими адистигине ээ болгон. Садыков Э. аспирантураны Москва шаарындагы «Электрондук техникалар институтунда» аяктаган жана кандидаттык диссертациясын Москва шаарында ийгиликтүү коргогон. Анын илимий журналдарда жарыяланган 90 дон ашуун илимий жана электрондук ресурс катары  эмгектери жарыкка чыккан, анын ичинде 3 автордук күбөлүк, 6 окуу-усулдук колдонмолору бар.

       Т.и.к, улук илимий кызматкер Ысманов Эшкозу Мойдунович 1960-жылы Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун  Биология жана химия  факультетин аяктап «Биология кошумча химия»  мугалими адистигине ээ болгон. Кандидаттык диссертациясын 2017-жылы ийгиликтүү коргогон. Анын илимий журналдарда жарыяланган 36 илимий жана электрондук ресурс катары  эмгектери жарыкка чыккан, 1 монографиянын, 8 автордук күбөлүктүн ээси.