ЖБИнин эмгек жамааты экологиялык акцияга катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору, т.и.к. Абдалиев У.К. баш болгон жалпы жамаат, бүгүн, 18-сентябрь «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнү» карата республикабыздын бардык аймактарында шаарларды, эс алуу жай-парктарды, суу жээктерин, жалпы эле калктуу конуштарды ыкыр-чикир, таштандылардан тазалоо, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо максатында өткөрүлүп жаткан экологиялык акцияга четте калбай катышууда.
Кызматкерлер учурда көйгөй жараткан коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык бардык талап, эрежелер жана ченемдерди сактоо менен бирге Ош шаарынын Сулайман-Тоо кичи районунда жайланышкан институттун жана Учар айылында жайланышкан илимий өндүрүштүк базанын сырткы жана ички территориясын ар кандай таштандылардан тазалап, санитардык абалын жакшыртуу, ирээтке келтирүү жана башка иштерди алып барууда.
Мындан сырткары институттун короосундагы аянтты ак таш менен төшөп оңдоп-түзөө иштери кызматкерлердин өз кучу менен жасалууда.
Кереметтүү Кыргызстандын, ар бир шаардын тазалыгы, анын бүтүндүгү, келечеги үчүн бул менин айылым, менин шаарым, менин мекеним деп жүрөгү соккон ар бир атуул чын дили, патриоттук сезими, жоопкерчилиги менен аз да болсо өз салымын кошсо, көрктүү кооз мекенибиз мындан да адамдын көз жоосун ала тургандай кереметтүү кооз, таза, социалдык инфраструктурасы жакшырган болуп ар бир инсандын, шаарга келген мыймандардын көңүлүн көтөрүп, калаабызга дагы да өзгөчө көрк кошоору анык.
Мына ошондуктан, калаабыздын мындан да кооз, таза болуп өнүгүүсү үчүн таштанды таштабай, кооздугун сактай билели, баркын билели.
Мекенибиздин тазалыгы, анын жаңы баскычта өнүүгүсү үчүн чын дилинен кызмат кылып, аба ырайынын эч кандай шартына карабай күнү-түнү иштеп жаткан бардык мекемелердин жамаатынын эмгегин баалайлы. Ар бир байлыгыбызды көздүн карегиндей сактап, жоопкерчилик менен аяр мамиле жасап бүгүн эле эмес ар дайым өз салымыбызды кошолу!



