Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институту (ЖБКП) Кыргыз ССРнин Өкмөтүнүн 1990-жылдын 17-сентябрындагы № 272 токтомунун негизинде  Түштүк кыргыз  окуу-илимий борборунун (ТКОИБ 1988-жылы Ош шаарында ачылган) базасында түзүлгөн.

1997-жылдын 31-мартында  КРнын өкмөтүнүн № 71 токтому менен Институтка анын түзүүчүсү жана биринчи жетекчиси А.С.Джаманбаевдин аты ыйгарылган. 

Азыркы кезде Жаратылыш байлыктары институтунда 58 кызматкер эмгектенишет. Алардын курамындагы 35 илимий кызматкерлерден  8 илимдин доктору, 15 илимдин кандидаты, 3 кызматкер КРнын УИАнын чыныгы мүчөсү болуп саналышат.

Институттун курамында 6 илимий лаборатория, 1 илимий-өндүрүштүк борбор  жана борбордук илимий китепкана бар. Институтта чыгаан окумуштуулар А.С.Джаманбаевдин жана Ж.Текеновдун 80 жылдык юбилейине карата чакан музей-кабинет уюштурулган.

Башаты болгон Түштүк-кыргыз окуу-илимий борборунан берки 33 жылдык тарыхында Жаратылыш байлыктары институту илимдин касиеттүү ордосуна айланды. Көптөгөн илимдин кандидаттары, докторлору өсүп чыгып, бүгүнкү күндө мамлекетибизде жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенишүүдө.

Республиканын түштүк жергесинде илим 1988-жылы Түштүк кыргыз окуу-илимий борборунун ачылышы менен башталган. Түштүк жергеси ар кандай ресурстарга: гидроресурстарга, көмүр бассейиндерине, сымап, сурьма, алтын кен чыгуучу жайлар, сейрек кездешүүчү металлдарга бай болгондугуна карабай социалдык-экономикалык потенциалы начар колдонулуп, республиканын түндүгүнөн көп жагынан, айрыкча социалдык сферадан артта калган. Ош обастында болгону бир жогорку окуу жайы – педагогикалык институт жана Фрунзе политехникалык институтунун кечки окуу факультети болгон. Инженердик техникалык кадр көйгөйү курч турган. Жолдун  алыстыгынан бардык эле абитуриенттер борбор калаага барып, тандаган жогорку окуу жайына тапшырып окуганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мына ушундай көйгөйлөр илимий борбордун ачылышына түрткү берген. Борбордун ачылышы республикалык Илимдер академиясынын ошол кездеги жетекчиси, академик Н.П.Лаверовдун  түздөн түз катышуусу жана кийлигишүүсү менен ишке ашкан. Борбордун структурасы илимди да, жогорку билим берүү окуу жайларынын структурасын да камтыган. Борбордун түзүлүшү Ош областында илимдин жана жогорку техникалык билимдин өнүгүшүнүн алгачкы стадиясы болгон. Борбордун уюштуруучу директору болуп Джаманбаев Акматбек Сагынович дайындалган.

Көздөгөн максат ишке ашып, борбордун курамындагы Политехникалык институттун филиалы болгон Ош кечки факультети 1988-жылы күндүзгү бөлүмгө студенттерди кабыл ала баштаган. Акматбек Сагынович илим менен кошо Кыргызстандын түштүгүндөгү таланттуу балдар үчүн мектеп-лицей, жогорку билимдүү кадрларды инженердик-техникалык кесиптерге даярдоо үчүн Оштогу жогорку колледжди бирге өнүктүргөн. Ал академиялык илимге борбордон окумуштууларды жана мугалимдерди тарткан. Ал мыкты жетекчи, чыныгы мээнеткеч, чаалыгып-чарчаганды билбеген таланттуу уюштуруучу болуу менен бирге, кызматкерлердин ар бирине көңүл буруп, ал жайын сурап, аларды келечекке максат менен карап, ага житишүүгө аракеттенүү менен иштегенге шыктандырган. Республиканын түштүгүндө илимди өнүктүрүүнүн кийинки этабы болуп Борбордун базасында илимдер академиясынын курамында Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институтунун (ЖБКП) түзүлүшү болгон. Институтта 15 илимий лаборатория болуп, 140тан ашуун кызматкерлер эмгектенишкен.

Чыгаан окумуштуу Акматбек Сагынович Борборду 1988-1991- жылдар аралыгында жетектеген. Бул аралыкта, ал түштүк жергесинде күчтүү, илимдүү, билимдүү илимий кадрлардын өнүгүшүнө, жаштардын илимий потенциалынын жогорулашына, мамлекеттин кадрларга болгон муктаждыгын камсыздоого эбегейсиз чоң салымын кошкон.

Илимий багыты  болуп отун энергетикасын, анын ичинде кыргыз көмүрлөрүн жана жаратылыш таштарын, энергиянын альтернативдүү булактарын комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш кырсыктарынын келип чыгууларын аныктоо ж.б. эсептелинген.

1991-жылдан 2008-жылга чейин ЖБКП институтун академик Текенов Жапар Текенович жетектеп келген.   Ж.Текеновдун жетекчилиги астында көмүрдү кайра иштетүү тармагындагы изилдөөлөр андан ары өнүккөн. Натыйжада ал иштеп чыккан технологиялар көмүрдү материал катары пайдаланууда колдонулуп жер семирткичтерди, курулуш материалдарын иштеп чыгуучу өндүрүштөрдү ачууга түрткү берди. Күрөң көмүрдөн органикалык минералдык жер семирткич алынып, айыл чарбасында керектелип жатат. 

Жапар Текенович өзүнүн байсалдуу жолунда профессор, илимдин доктору, академик, илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана башка көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды багындырган.      

Аталган институтту 2008-2020–жылдар аралыгында техника илиминин доктору, профессор Арзиев Жоромамат жетектеген.

Ж.Арзиев илим тармагында Борбор биринчи түзүлгөн күндөн баштап, башкача айтканда 1988-жылдан бери талыкпай эмгектенген. Ишин Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү ишканалардын колдонулган суусун жана атмосферадагы зыяндуу таштандылардын динамикасын үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү менен илимий кызматкер катары баштаган. Кийинчерээк республиканын негизги байлыктарынын бири болгон кыргыз кычкылданган күрөң көмүрлөрүн физика-химиялык жол менен кайра иштетүү жана отун эмес катары пайдалануу боюнча илим-изилдөө иштери, ошондой эле гумин жер семирткичтерин алуу жана колдонуу проблемалары боюнча иштей баштайт.

Ж.Арзиев күкүм түрүндөгү органикалык-минералдык гумин жер семирткичтеринин жана өсүмдүктөрдүн өсүү процесстерин тездетүүчү стимулятордун үч түрүн «Береке А», «Береке Б» жана «Береке В» алуунун технологиясын иштеп чыккан. Чыгарылган продукция республиканын түштүгүндө айыл-чарба иштеринде кеңири колдонулуп жатат. «Береке А, Б, В» түрүндөгү органикалык-минералдык гуминдүү жер семирткичтерине 2387-001-04588531-97 ТШ Техникалык шарты иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын базарларында жер семирткичтин жаңы түрү катарында Кыргыз мамлекеттик стандартында катталды. Энергетика үчүн жараксыз күрөң көмүрлөрүнөн жана көмүр өндүрүүдө казылып чыгарылган руда эмес кен байлыктарынан эл чарбасында кеңири пайдалануучу технологияларды иштеп чыгуу боюнча илимий иштерин жүргүзгөн. Ж.Арзиевдин жетекчилиги астында нефть өндүрүүдө колдонуучу көмүр негиздүү реагенттерди чопо порошокторду, ирригация системасында колдонуучу суунун коромжусун кескин азайтуучу реагенттер, анаэробдук ачытуу процессин тездетүүчү реагенттерди, топурактын кыртышынын асылдуулугун арттыруучу реагенттерди, күлбото-чопо топурактарынан керамикалык баалуу буюмдарды жасоо боюнча технологиялар иштелип чыккан.

Ж.Арзиев эмгегинен баар таап, илимдин доктору, профессор, илим жана техника жатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, «академик У.Асаналиев атындагы сыйлыктын лауреаты», Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер деген наамдардын жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси боло алды.

А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтун 2020-2021-жылдары т.и.к. У.К. Абдалиев жетектеген.

Абдалиев У.К. илим тармагына 1998-жылы Ош технологиялык университетинде эмгектенип жүргөн мезгилде “Күн суу жылытуучу коллекторун иштеп чыгуу жана изилдөө” темасындагы проектин үстүндө иштөө менен киришкен. Ошол мезгилден баштап илимий макалалары жарык көрүп, ойлоп табуулардын ээси боло баштады. 

2011-жылдан баштап У.К.Абдалиев Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары институтунда эмгектенип “Сууну электрофизикалык ыкмада зыянсыздандыруу жана тазалоо”, “Кавитациялык эффектте сууну активдештирүүнүн жана суу-эмульсиялык күйүүчу суюк затты алуунун технологиясы”,  “Жаратылыш байлыктары негизинде композициялык күйүүчү заттарды алуунун технологиясын иштеп чыгуу” темаларында проекттердин үстүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү менен бир топ ийгиликтерди жарата алды.

У.К.Абдалиев тарабынан Ош шаардык Жылуулук электр борборунда кавитация эффектинин негизинде сууну жылытуу технологиясы, Ош “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына суу-эмульсиялык күйүүчү аралашманы алуу технологиясы, Кадамжай сурьма комбинатында, андан чыккан чыгындылардан сурьманы бөлүп алуу технологиясы өндүрүшкө киргизилди. Кызматкерлер менен биргеликте даярдалган коргошундун минералдык рудасын иштетүү боюнча инвестициялык долбоору Корея жана Кытай инвесторлору тарабынан колдоо тапты. Ош шаарын газ жана жылуулук менен камсыздоо максатында көмүрдү комплекстүү иштетүүнүн технологиясы боюнча даярдалган инвестициялык долбоору Ош шаардык администрациясы тарабынан жактырылып Кытай инвесторлоруна сунушталды. Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан чыгындылардан гравитациялык усулда сурьманы байытып бөлүп алуу технологиясы даярдалды. Металлотермикалык заттардын негизинде жылуулук энергиясын алуунун технологиясы жаратылды. Электроионизациялык ыкманын негизинде сууну тазалоонун жана залалсыздандыруунун технологиясы иштелип чыгарылып колдонууга киргизилди. Кавитация эффектисин колдонуп эмульсиялык, композициялык, суу-көмүрдүк суюк күйүүчү заттарды алуунун технологиясы жана жылуулук генераторун түзүү ыкмасы иштелип чыкты.

Учурда У.К.Абдалиевдин жетекчилиги менен  базальтты кайрадан иштетүү менен курулуш материалдарын жана башка каражаттарды өндүрүп чыгаруунун илимий технологияларын түзүүнүн үстүндө изилдөө иштери алып барылууда.

2021-жылдын 1-ноябрынан баштап Жаратылыш байлыктары институтун КР УИАнын мүчө-корреспонденти, т.и.д., профессор Абидов Абдыкадыр Омарович жетектеп келүүдө.