А.С.Джаманбаевдин 90 жылдык маарекесине арналган “Жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары ” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
2023-жылдын 30-ноябрында Ош Технологиялык Университетинде т.и.д., профессор А.С.Джаманбаевдин жаркын элесине арналган эстелик тактайы илинип, анын ачылыш аземи болду. Бул иш чара А.С.Джаманбаевдин 90 жылдык маарекесине арналган “Жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары ” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышына байланыштуу болуп өттү.
Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Ош технологиялык университети жана Кыргыз Көмүр мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулду.
Конференциянын ачылышын Ош технологиялык Университетинин ректору Турсунбаев Ташболот Жанышович ачты.
Конференциянын модератору катары иш чараны т.и.д.профессор, КР УИА мүчө корр. Абдыкадыр Омарович Абидов алып барды.
Конференциянын жүрүшүндө А.С.Джаманбаевдин өмүр баяны, жасаган илимий иштери боюнча кыска видео көрсөтүлдү.
Конференция катышуучуларын КР УИА Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Осмонакун Ибраимов куттуктап, конференциянын жүрүшүндө ийгиликтерди каалап, А.С.Джаманбаевди эскерди. Академиктер К.М.Жумалиев, М.Т. Мамасаидов, т.и.д. М.Орозбековдор чыгып сүйлөштү. Чыгаан окумуштууну эскеришти.
Пленардык баяндамалар угулду. Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун өкүлү, т.и.д. , профессор Касимахунова А.М.”Алтернативдүү энергияны алуучу өзгөртмөлөрдүү өнүктүрүү жана түзүүнүн келечеги” деген темадагы баяндамасын сунуштады.
А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институнун лаборатория башчысы.х.и.к. доцент Жапарова Ш. ” Республикадагы көмүр кендеринин абалы, көмүр жана андан алынган продукциялардын келечеги” деген баяндамасын конференция катышуучуларына сунушталды.
Т.и.д., профессор Исманов М.М. ” Таштан буюмдарды алуу үчүн энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү машина жана технологиялар” деген баяндамасын катышуучуларга сунуштады.


