А.С.Джаманбаевдин 90 жылдык маарекесине арналган “Жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары ” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

         2023-жылдын 30-ноябрында Ош Технологиялык Университетинде т.и.д., профессор А.С.Джаманбаевдин жаркын элесине арналган эстелик  тактайы илинип, анын ачылыш аземи болду. Бул иш чара А.С.Джаманбаевдин 90 жылдык маарекесине арналган “Жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары ” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышына байланыштуу болуп өттү.

     Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Ош технологиялык университети жана Кыргыз Көмүр мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулду.

    Конференциянын ачылышын Ош технологиялык Университетинин ректору Турсунбаев Ташболот Жанышович ачты.

     Конференциянын модератору катары иш чараны т.и.д.профессор, КР УИА мүчө корр. Абдыкадыр Омарович Абидов алып барды.

     Конференциянын жүрүшүндө А.С.Джаманбаевдин өмүр баяны, жасаган илимий иштери боюнча кыска видео көрсөтүлдү.

     Конференция катышуучуларын  КР УИА Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Осмонакун Ибраимов куттуктап, конференциянын жүрүшүндө ийгиликтерди каалап, А.С.Джаманбаевди эскерди. Академиктер К.М.Жумалиев, М.Т. Мамасаидов, т.и.д. М.Орозбековдор чыгып сүйлөштү. Чыгаан окумуштууну эскеришти.

     Пленардык баяндамалар угулду. Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун өкүлү, т.и.д. , профессор Касимахунова А.М.”Алтернативдүү энергияны алуучу  өзгөртмөлөрдүү өнүктүрүү жана түзүүнүн келечеги” деген темадагы баяндамасын сунуштады.

     А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институнун лаборатория башчысы.х.и.к. доцент Жапарова Ш. ” Республикадагы көмүр кендеринин абалы, көмүр жана андан алынган продукциялардын келечеги” деген баяндамасын конференция катышуучуларына сунушталды.

     Т.и.д., профессор Исманов М.М. ” Таштан буюмдарды алуу үчүн энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү машина жана технологиялар” деген баяндамасын катышуучуларга сунуштады.

       2023-жылдын  1-декабрында  “Бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан окумуштуу даражасын алуу үчүн коюлган талаптар ”-деген темада  илимий семинар болуп өттү. Бул семинарда  т.и.д., профессор Исманов М.М. жаш илимпоздорго  доклад окуду.

    Семинардын аягында т.и.д., профессор Абидов А.О., секциянын илимий жетекчилери жана катышуучулары менен биргеликте резолюция кабыл алынды.

 

Жалал-Абад шаарында  11-октябрда болгон  Кыргыз-Россия Региондор аралык онунчу конференцияга  КР УИА ТБнун  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту катышты.

        2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте уюштурган Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кызматташтыгынын  онунчу орус-кыргыз аймактар ​​аралык конференциясы болду.

       Аталган  көргөзмөгө биздин  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун лабороториясындагы илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алды. Институттагы ачылыш кылган көмүр брикет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунушталды. Келече  кте зыянсыз органикалык жер семирткичтерге өтүү тууралуу андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлорсуз, сиздер ойлоп тапкан электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкманы колдонолуу боюнча илимий иштерди, сунуштар айтылды. Иш чарада А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун илимпоздору менен  тыгыз кызматташуу, жолугушуулар болоорун сүйлөшүштү.

       Конференциянын алкагында Россия-Кыргыз Ишкерлер кеңеши Кыргыз-Орус Ишкерлер кеңеши менен биргеликте эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен Ишкерлер кеңештеринин биргелешкен жыйыны уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Россиялык жана Кыргызстандык компаниялардын долбоорлорун тааныштыруу, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуланды . 

Ошто 18-сентябрда бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата көргөзмө-жарманкеге  КР УИА ТБ А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту катышты.

        Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата «Түштүк ЭКСПО-2023» деген аталышта көргөзмө-жарманке өтту. 18-сентябрда башталган иш-чара 20-сентябрга чейин уланды . 

       Эл аралык көргөзмө-жарманкеде атамекендик кол өнөрчүлөрдүн өндүрүштөрү сатылды. Мындан тышкары айыл чарба, техника, курулуш, үй-тиричилик, кеңсе буюмдары жана тамак-аш азыктары да коюлган. 

      Жарманкенин ачылышына Өзбекстандын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты. Уюштуруучулар бул иш-чара келечекте Ош шаарына жана Ош облусуна туристтерди тартууга түрткү болот деп ынандырышууда.

       Аталган  көргөзмөгө биздин  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун лабороториясындагы илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алды. Институттагы ачылыш кылган көмүр брикет, органикалык жер семирткичтерди инвесторлого жана дыйкандарга сунушталды. Келечекте зыянсыз органикалык жер семирткичтерге өтүү тууралуу, андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлорсуз, сиздер ойлоп тапкан электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкманы колдонуу боюнча илимий иштерди, сунуштар айтылды. Иш чарада А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун илимпоздору менен  тыгыз кызматташуу, жолугушуулар болоорун сүйлөшүштү.

 

 

 

            КРнын УИАнын ТБнун А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун «Келечектуу технологиялар жана материалдар» лабораториясынын башкы илимий кызматкери, КРнын Инженердик академиясынын жана Россиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдердин доктору, профессор, Ташполотов Ысламидин Ош мамлекеттик университетинин Н.Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект институтунун директору болуп дайындалды.  

 

                                      КЫЗМАТ ОРУН   КУТ БОЛСУН!

 

           Урматтуу Ысламидин Ташполотович! Сизди талыкпас эмгегиниздин менен Ош МУнун жаңы ачылган Н.Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интелект институтунун директору болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиз, өмүр бою агартуу, илим тармагында эмгектенип, кесибиңизди күжүрмөндүүлүк менен аркалап, маңдай териңизди төгүп, ак ниет кызмат өтөдүңүз. Илим тармагындагы кесиптештериңиздин урмат-сыйына татып. жаштарга билим берүүгө жетишип, өмүр сапарыңызды улап келе жатасыз. Ишиңизди ар дайым ийгиликтер ыроолоп, эмгегиңиздин мартабасы эселеп арта беришине тилектешпис.
       Сизге Ала-Тоодой бийиктик, арчадай узун өмүр, суудай таза көңүл, күн мээриминдей жылуулук каалоо менен эмгек жолунузду өмүрлүк жубайыныз жана балдарыңыз, неберелериңиз менен бактылуу улантып турушуңузга тилектешпис.Түндүгүңүз кеңейип, уугуңуз узарып, балдарыңыздын жакшылыгын көрүңүз. Кылым жашын карытыңыз.

 А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун жалпы жамааты.

 

Облус башчысы окумуштуулар менен жолукту

Ушул жылдын 9-март күнү Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустагы Кара-Суу районунун агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси Кубанычбек Мамедов, Савай-айыл аймагынын “Таширов” үрөн айыл  чарба кооперативинин башчысы Зарипбек Жоошбеков жана жеке ишкерлер менен биргеликте Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Облус башчысы Зиядин Исламович институттун «Көмүр байлыктарын отун эмес катары пайдалануу», «Отун байлыктары жана көмүрдү кайра иштетип чыгуу», «Көмүрдүн газификациясы», «Келечектүү технологиялар жана материалдар» лабораториялары, андагы жасалып жаткан илимий-изилдөө иштери жана алардын жыйынтыктары менен таанышты. Аны менен катар инститтутагы окумуштуулар, кызматкерлер менен жолугушуп,  бир топ колдоого алаарлык долбоорлор бар экенин айтты.

Атап айтсак; лаборатория кызматкерлери тарабынан көмүрдү казып алууда пайда болгон күкүмдөрүн эффективдүү пайдалануу, кайрадан иштетүү, брикеттөө иштери;

Кыргызстандын күрөң көмүрлөрүнүн сапатсыз майда кычкылданган бөлүгүнөн гуминдик органикалык жер семирткичтин өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берген гуминдештирилген жер семирткичтерди реализациялоо иштери; Сууну хлорсуз тазалоо.

ОшТУнун Технопаркы менен биргелешип, газобетон, лего-кирпич, таштаман жана башка инновациялык архитектуралык-курулуш буюмдарынын технологиясын колдоо жана облусттун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү долбоорлорду колдоо иштери облус башчысын кызыктырбай койгон жок. “Бул илимпоздор тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана ачылыштар облустун айыл чарба жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө салым кошот”- деп билдирди.

Облус башчысы менен болгон жолугушууда Институттун директору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор, Абидов Абдыкадыр Оморович  жана окумуштуулар тарабынан илимий лабораториялардагы илимий-техникалык жетишкендиктердин негизинде облусттун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну сунушташты:

    • Ош облусунун аймагында жайгашкан көмүр карьерлеринде пайда болгон көмүр күкүмдөрүн эффективдүү пайдалануу, алардан кесектелген отундарды алуу боюнча технологияларын иштеп чыгуу.

    • Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан “Жазы” АКнун базасындагы көмүр брикеттөө ишканасы менен биргеликте термобрикеттерди алуунун технологиясын иштеп чыгуу.

    • Көмүр күкүмдөрүн кесектөө үчүн арзан, бириктиргич заттарды сунуштоо, алардын технологиялык параметрлерин иштеп чыгуу.

    • Кыргызстандын күрөң көмүрлөрүнүн сапатсыз майда кычкылданган бөлүгүнөн гуминдик органикалык жер семирткичтин өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берген курамын дыйкандарга тааныштыруу, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.

    • Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан карьердеги таш калдыктарынан курулуш буюмдарын өндүрүүчү завод курууга франшизе (технологиялык документация) даярдоо.

    • Куршаб-Туз-Бел авто жолунун айрым участокторунда «негабарит» таш блокторунан көчкүгө жана селге туруштук берүүчү автожол куруунун технологиясын иштеп чыгуу жана өндүрүштүк сыноодон өткөрүү.

    • Араван районунда таш кесүүчү өндүрүштүн масштабын кеңейтүү жана керектөөчүлөргө жаңы продукцияларды сунуштоо боюнча илимий негиздеме.

    • Асоль-К жылуулук ташыгычы кыш мезгилинде күн энергиясы менен жылуулук камсыздоочу системаларда, жылуулук насосторунда, жеке үйлөрдүн, мектептердин, коттеджердин ж.б. жылытуучу системаларында колдонуу;

    • Экофрост суук ташыгычын  тамак-аш өнөр жайларындагы муздатуучу системаларга: сүт азыктарын, пиво жасоочу ж.б. заводтордогу муздатуучу системаларга, логистикалык борборлордогу мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды салкындатуу же жылытууга, ошондой эле хоккей же фигуралык муз тебүүчү спорттук жайлар үчүн  жасалма муз жасоочу системаларга сунуштоо.  

    • Пиролиздик жарым коксту кирпич, цемент заводторундагы өндүрүшкө, бала бакчалардын, мектептердин жылытуу системаларында колдонуу;

    • Көмүрдүн майдасын жана көмүрдүн чаңын түз айлануу ыкмасы менен күйгүзүүнү Майлуу-Суу шаарынын Жылуулук менен камсыздоо башкармалыгына сунуштоо;

    • Ичилүүчү сууну тазалоо жана залалсыздандыруу үчүн  реагенттик эмес электрофизикалык ионизация  жана кавитация ыкмасын  колдонууну;

    • Имараттарды, корпустарды, мектептерди жылытуу үчүн кавитациялык жылуулук генераторун  же электрофизикалык ионизация жылуулук генераторлорун ишке киргизүүнү;

    • Электроэмульсиялык отундарды алууну жана аларды отканаларда (котельныйларда) колдонууну колго алуу;- сунуштары айтылды.

 Жолугушуунун соңунда облустун башчысы: “Биздин илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алабыз. Сиздер ачылыш кылган көмүр брикет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунуштайбыз. Келечекте зыянсыз органикалык жер семирткичтерге өтүшүбүз керек. Андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлорсуз, сиздер ойлоп тапкан электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкманы колдонолу. Биз сиздердин илимий иштериңиздерге, сунуштарыңыздарга ар дайым колдоо көрсөтөбүз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Зиядин Жамалдинов. Мындан сырткары, А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту менен мындан ары да тыгыз кызматташуу, жолугушуулар болоорун сүйлөшүштү.

https://www.ipr.kg/kg/archives/1042

Жалал-Абад шаарында  11-октябрда болгон  Кыргыз-Россия Региондор аралык онунчу конференцияга  КР УИА ТБнун  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту катышты.

 

        2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте уюштурган Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кызматташтыгынын  онунчу орус-кыргыз аймактар ​​аралык конференциясы болду.

       Аталган  көргөзмөгө биздин  А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун лабороториясындагы илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алды. Институттагы ачылыш кылган көмүр брикет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунушталды. Келече  кте зыянсыз органикалык жер семирткичтерге өтүү тууралуу андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлорсуз, сиздер ойлоп тапкан электрофизикалык ионизация жана кавитация ыкманы колдонолуу боюнча илимий иштерди, сунуштар айтылды. Иш чарада А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун илимпоздору менен  тыгыз кызматташуу, жолугушуулар болоорун сүйлөшүштү.

       Конференциянын алкагында Россия-Кыргыз Ишкерлер кеңеши Кыргыз-Орус Ишкерлер кеңеши менен биргеликте эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен Ишкерлер кеңештеринин биргелешкен жыйыны уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Россиялык жана Кыргызстандык компаниялардын долбоорлорун тааныштыруу, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуланды .