«Технолог» илимий-өндүрүштүк борбору
Кыргыз Республикасынын Түштүк бөлүмүнүн Илимдер Академиясынын Жаратылыш байлыктары институтунун «Технолог» илимий өндүрүштүк борбору 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк филиалынын буйругу менен түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын УИАнын президиумунун 2008-жылдын 7-июлундагы № 04-13-буйругунун негизинде Түштүк бөлүмүнүн курамына кирген. Мурунку эки институтту: А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институту (ЖБКПИ) жана Жаны технологиялар институтунун (ЖТИ) биригүүсүнүн негизинде А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ) кайра өзгөртүлүп түзүлгөн. Түзүлгөндөн кийин аталган “ Технолог” борбору 2010-жылдын 30-мартындагы окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде, “ Технолог” илимий өндүрүштүк борбору негизделген күндөн баштап институттун илимий кызматкери Токтоназаров С.Т. жетектеп келет. “Технолог” ИӨБдун ишмердүүлүгү Түштүк региондун ЖБИнин бөлүмдөр менен өнөр жай уюмдарынын ортосунда кенсе техникаларын, стандарттуу эмес жабдууларды жана орнотмолорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга негизделген. ИӨБ түзүлгөндөн бери, орнотмолордун долбоордук-технологиялык, техникалык документтери жана прототиптери иштелип чыккан.
Буга чейин республиканын заводдорунда, уюмдарында жана мекемелеринде иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер жана жогорку квалификациялуу инженерлер “Технолог” ИӨБ түзүлгөн күндөн баштап иштеп келишет.
Лабораториянын негизги илимий багыттары:
- Илимий –фундаменталдык иштъъдъ практикалык багыттын алгачкы илимий жактарын изилдъъ;
- Прикладдык илимий изилдөөлөрдүн алгачкы теориялык иштерин изилдөө ;
- Үлгүлүү тетиктердин, түзүлүштөрдүн, агрегаттардын жана аппарат буюмдарынын физикалык , математикалык моделдерин иштъъ жана иштеп чыгуу;
- Техникалык чийме жана конструкциялык технологиялык иштеп чыгуу;
- Иновациялык жана жаны кабар технологиясын иштеп чыгуу;
- Жергиликтүү, республикадагы, чет өлкөдөгү өтүп жаткан көргөзмөлөргө, конкурстарга катышуу, өткөрүү жана уюштуруу;
- Алгачкы чектелген лабораториялык, эксперименталдык өндүрүштүк тажрыйбаларды жүргүзүү жана өткөрүү;
- Техникалык жабдуулардын, буюмдардын тетиктеринин конструкциясын иштеп чыгууда жаны кабар жана компьютердик технологиясын колдонуу.
Лабораториянын курамы:
“Технолог” илимий-өндүрүштүк борборунда 4 кызматкер, анын ичинде 1 илимий кызматкер, 1 биринчи категориядагы инженер, 2 улук лаборант эмгектенишет.
“Технолог” илимий-өндүрүштүк борборунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек синирген ишмери Токтоназаров Сыдыкбек Токтоназарович 1952-жылдын 8-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн.1977-жылы Майли-Сай электромеханикалык техникумунун “металлды кесип кайра иштетүү” бөлүмүн, 1983-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Ош кечки факультетин инженен-механик адистиги боюнча аяктаган. Аталган Борбордо 1997-жылдан бери эмгектенген. 4 илимий эмгектин автору.
Жанибек кызы Асылзат 2001-жылдын 10-февралында Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Ош малекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факултетинин “Химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспердиза” адистигин бүтүрөн.
Илимий иштердин жыйынтыктары:
- Гумин жер семирткичтерин даярдоочу жана өндүрүштүк линиянын конструктордук долбоорунун иш кагаздары даярдалды;
- Көмүрдүн майдасын брикетөөчү үлгүлүү конструкциялык жана технологиялык иш кагаздары даярдалды. Ошону менен бирге жакынкы убакытта үлгүлүү агрегат жасалуусу күтүлүүдө.
Төмөндөгүдөй үлгүлүү агрегаттар жасалды:
- Талкан жана комбикорм майдалоочу кичи тегирмен;
- Чөптүн өзөгүн тез жана сапаттуу майдалап кырккыч;
- Күрүчтүн жана гречканын уруктарын тазалоочу станок;
- Микро тегирмен;
- Чъп чапкыч;
- Кабык чаккыч машина;
- Кол насосу;
- Күн казанды орнотуу;
- Күн кургатуучу блок;
- Эки схемалуу күн станциясы;
- Чакан көлөмдөгү биогаз станциясы;
- Бышыруу ыкмасы менен кислоттук-негиздик ыкма менен алюминий кычкылын ондүрүү үчүн автоклав;
- Майда көмүрдү брикеттөө үчүн механикалык титирөө пресси;
- Тоголок тегирмен;
- үйдө брикеттөө үчн кол менен көмүр басуу пресс;
- Балка майдалагыч;
- Көмүр үчүн зажигалкалар;
- Эки катмарлуу көмүр брикетин өндүрүү үчүн бурама пресс;
- Пиролиз түзүлүшү;
- Гидроудардык кавитация жабдыгы.
Лабораториянын ишмердүүлүгү:
Топтун негизги ишмердүүлүгү болуп, Инститтуттун башка илимий изилдөө лабораторияларынын, бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын УИАнын башка институттарынын, ошондой эле райондорунун, шаарлардын жана облустардын фундаменталдык, прикладдык жана эксперименталдык илимий изилдөөсүндөү жыйынтыктарды конструктордук-долбоордук иштерге өткөрүү жана жүргүзүү болуп эсептелет.
“Технолог” илимий-өндүрүштүк борбору төмөндөгү иштерди аткарып келүүдө:
- Прикладдык илимдерди түзүү жана уюштуруу;
- Технологиялык, конструкциялык жана техникалык иш кагаздарын иштеп чыгуу;
- Буюмдардын, агрегаттардын, жабдуулардын, тетиктердин, ар кандай түзүлүштөрүн өндүрүштүк эксперименталдык түрлөрүн лабораториялык жана эксперименталдык үлгүлүү конструкцияларын жүргүзүү.
Илимий байланыштары:
- КРнын УИАнын Жаратылыш байлыктары институтунун лабораториялары, бөлүмдөрү, топтору өндүрүштүк уюмдары менен бирге иштөө;
- Институт машиноведение КР УИАнын иновация, иновациялык техника жана технологиялык бөлүмү (Бишкек шаары);
- Үй эмеректер техникасын ондоочу Ош заводу;
- Ош технологиялык университети;
- Ош мамлекеттик университети;
- “Кристалл” мамлекеттик акционердик коому, (Таш-Көмүр шаары);
- “Кыргызнефти” ачык типтеги акционердик коому, (Кочкор-Ата шаары);
- “Ош-насос заводу” ачык типтеги акционердик коому.