Директор
Абидов Абдыкадыр Омарович
КР УИАнын ТБ А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору, Член-корр КР УИА , т.и.д., профессор
Абидов Абдыкадыр Омарович 1965-жылы 25-майда Ош облусунун Кара-суу районуна караштуу Түлейкен айылында туулган. 1990-жылы Фрунзе политехникалык институтун «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистиги боюнча аяктаган.
Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү: 1990-1993-жж ОшТУнун окутуучусу болуп эмгектен\\ менен баштаган.
1993-1996-жылдары «Импульс» илимий борборунун (азыркы КР УИАнын Машина куруу институту) аспиранты болгон.
1997-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу институтунда инженер, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкери болуп эмгектенген.
1997-2003 -жылдары бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын башкы илимий катчысы, болуп иштеген.
1997-2003-жылдары диссертациялык кеңештин илимий катчысы болгон.
2003-жылдары ОшТУнун прикладдык илимдер жана экология институтунун директору болуп дайындалган.
2003-2010-жылдары ОшТУнун кафедра башчысы.
2010-2020-жылдары – ОшТУнун ректору
2020-жылдан азыркы учурга чейин – ОшТУнун Транспортту эксплуатациялоо жана туруктуу технологиялар кафедрасынын профессору болгон.
2014-2021 лаборатория башчысы, Кыргыз Республикасынын УИАнын ТБнун Жаратылыш байлыктары институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеген. 2021-жылдын 1-ноябрынан азыркы учурга чейин УИАнын ТБнун А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору болуп эмгектенет.
Илимий багыты: Ъзгөрүлмө түзүлүш механизминин негизинде урма машиналар.
Илимий эмгектери: 90дон ашык илимий эмгектери, анын ичинде ойлоп табуулар үчун 1 патент монографиясы жана 1 окуу китеби бар.
Квалификацияны жогорулатуу учун, АКШнын жогорку окуу жайлары (2011ж), Түштүк Корея (2012ж), NTN университеттери, Швеция, ПГУ (2013ж), Португалия, Тбилиси мамлекеттик университети (2011ж), Грузия. Синьцзян мамлекеттик университети (2011ж), Кытай, Далянь чет тилдер университети, Далянь. Конфуций институттарынын штаб-квартирасы, Пекин, Кытай (Билим берүү программасы, 2013ж) ж.б ълкълърдъ болуп келген.
Алган сыйлыктары : КР Билим бер\\ жана илим министирлигинин тъш белгиси «Билим бер\\н\н отличниги», КР Коргоо министирлигинин Ардак Грамотасы , КР Олимпиада комитетинин, КР Экономика министирлигинин, медаль «20 лет МЧС», КР Ъзгъчъ кырдаал министирлиги ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.
Окумуштуу катчы
Абдуллаева Миргүл Пазылбековна
Абдуллаева Миргүл Пазылбековна, 1983-жылы 21-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетин 2005-жылы аяктап “химия кошумча биология” адистигине ээ болгон. 2005-2014-жылдары педогогикалык ишмердүүлүк менен алектенген. ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмүн 2017-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2005-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “ГАНИС” менен түзүлгөн келишимдин негизинде «Төмөнкү температурадагы жылуулук жана муздактыкты ташыгычтарды изилдөө жана иштеп чыгуу» аттуу долбоордо илимий кызматкер болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин гранты менен аткарылган төмөндөгү илимий долбоорлор боюнча Ош мамлекеттик университетинин Илим-изилдөө бөлүмүнүн илимий кызматкери болуп илимий-изилдөө иштерин алып барган:
2010-2016-жж. – «Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Зардалы кенинин нефелиндик сиениттеринен глиноземаны алуу технологиясын иштеп чыгуу»;
2018-ж. – «Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Терек кенинин пегматиттерин комплекстүү изилдөө максатында технологиялык изилдөөлөр»;
2020-2021-жж. – «Кыргызстандын түштүк аймагындагы ак күйүүчү чополорду байытуу жана кайра иштетүү».
2017-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев ат. Жаратылыш байлыктары институтунун (КР УИА ТБ ЖБИ) “Энергиянын традициялык эмес булактары” (ЭТЭБ) лабораториясыннын илимий кызматкери, 2021-жылдан ушул эле институттун окумуштуу катчысы болуп эмгектенип келет.
Азыркы учурда 05.14.08 – энергиянын калыбына келүүчү түрлөрүнө негизделген энергия түзүлүштөрү адистиги боюнча «Күн энергиясы менен жылуулук камсыздоочу системалар үчүн жогорку эффективдүү төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарды иштеп чыгуу» аттуу темадагы кандидаттык диссертациясынын үстүнөн эмгектенип жатат.
КРнын УИАнын ТБнын А.С. Джаманбаев ат. Жаратылыш байлыктары институтунун, КРнын УИАнын Түштүк бөлүмүнүн, КРнын Улуттук илимдер академисынын Ардак грамоталары, КРнын УИАнын Президиумунун алдындагы Илим басма борборунун Ыраазычылык каты жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.